Главная / «Кыргыз Республикасында биокоопсуздук боюнча Картахена протоколун ишке ашыруунун контекстинде ГМО/ЖИОну маркировкалоонун укуктук жана техникалык аспектилери» темасында семинар
«Кыргыз Республикасында биокоопсуздук боюнча Картахена протоколун ишке ашыруунун контекстинде ГМО/ЖИОну маркировкалоонун укуктук жана техникалык аспектилери» темасында семинар
2025-жылдын 14-августунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбордо (Кыргызстандарт) «Кыргыз Республикасында биокоопсуздук боюнча Картахена протоколун ишке ашыруунун контекстинде ГМО/ЖИОну маркировкалоонун укуктук жана техникалык аспектилери» темасында консультациялык семинар болуп өттү.
Иш-чара Кыргызстандарт менен БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) ортосундагы Келишимди ишке ашыруу алкагында, ошондой эле ФАО/ГЭФ долбоору «Кыргыз Республикасында биокоопсуздук боюнча Картахена протоколуна ылайык улуттук биокоопсуздук механизмин ишке ашыруу» колдоосу менен уюштурулду.
Семинардын ишине мамлекеттик органдардын, илимий мекемелердин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана биокоопсуздук боюнча эксперттер катышты. Куттуктоо сөздөрү менен Кыргызстандарттын директору Нурматов Болот Асанович жана ФАО өкүлдөрү чыгышты.
Программада ГМО/ЖИОну маркировкалоо боюнча эл аралык тажрыйба, Картахена протоколунун талаптары, ошондой эле көзөмөл өткөрмө пункттарында мониторинг жана контролдоо маселелери талкууланды. Докладдар менен ФАОнун эл аралык эксперти Мозгова Галина Валерьевна, Кыргызстандарттын Стандартташтыруу башкармалыгынын начальниги Д.Т. Айтмурзаева жана Кыргызстандарттын БЦИСМ бөлүмүнүн тамак-аш жана айыл чарба продукциясынын шайкештигин ырастоо бөлүмүнүн башчысы Ч.А. Диканбаева чыгышты.
Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар ГМО/ЖИОну маркировкалоонун натыйжалуу механизмдерин киргизүү керектөөчүлөрдүн маалымдалган тандоо укугун камсыздоодо жана улуттук биокоопсуздук системасын бекемдөөдө маанилүү экенин белгилешти.