Главная / Кыргызстандарт делегациясы Кытай Эл Республикасынын Улуттук сыноо жана метрология илимий-изилдөө борборуна барды

Кыргызстандарт делегациясы Кытай Эл Республикасынын Улуттук сыноо жана метрология илимий-изилдөө борборуна барды

Кыргызстандарт делегациясы Кытай Эл Республикасынын Улуттук сыноо жана метрология илимий-изилдөө борборуна барды


08 августа, 2025

2025-жылдын 4–8-август күндөрү Кыргызстандарт делегациясы Кытай Эл Республикасынын Шэньси Метрология институтунун (SIMS) Улуттук сыноо жана метрология илимий-изилдөө борборуна таанышуу сапарын жасады.

Бул сапар «Бир алкак – бир жол» демилгесинин алкагында жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин алдында иш алып барган Стандартташтыруу жана метрология борбору менен SIMS ортосундагы метрология тармагында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна ылайык уюштурулду.

Сапардын жүрүшүндө делегаттар бир катар адистештирилген метрологиялык жана сыноо лабораторияларынын иши менен таанышты, анын ичинде электромобилдерди кубаттоо станцияларын сыноо лабораториясын да көрүштү. Алынган билимдер жана тажрыйба алмашуу профессионалдык компетенцияларды чыңдоого жана кубаттоо жабдуулары боюнча өлчөө процесстеринин тактыгын жогорулатууга өбөлгө түзөт. Бул узак мөөнөттүү келечекте биздин уюмдарга жана улуттук рынокко жалпы пайда алып келет.

Эске салсак, 2024-жылдын ноябрь айында Кыргызстандарт адистери тажрыйба алмашуу максатында SIMSке сапар жасашкан. Бул сапар эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана кесиптик байланыштарды бекемдөө жолунда маанилүү кадам болду.