Главная / DHI-HWS800A мобилдик радардык комплекстерин талаада сыноо: "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырууга Кыргызстандарттын салымы
DHI-HWS800A мобилдик радардык комплекстерин талаада сыноо: "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырууга Кыргызстандарттын салымы
2025-жылдын 25-июлунан 1-августуна чейин Бишкек ССМБнын электрдик жана радиотехникалык өлчөөлөр лабораториясынын адистери Кыргыз Республикасынын ИИМнин ЖКККББнын санариптик өнүктүрүү бөлүмү менен биргеликте DHI-HWS800A тибиндеги мобилдик радардык комплекстерге текшерүү жүргүзүү методикасын иштеп чыгуу, ошондой эле комплекстерди метрологиялык жактан камсыздоо үчүн тажрыйбалык маалыматтарды алуу максатында натурдук сыноолорду өткөрүштү.
Сыноолор 2022-жылы республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын эсебинен сатылып алынган эталондук жабдууларды колдонуу менен жүргүзүлдү. Бул иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруу маселелери боюнча жарлыгында коюлган тапшырманы ишке ашырууга багытталган.
Ошентип, Кыргызстандарт өлкөнүн суверенитетин чыңдоого, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын коопсуздугун жана кызыкчылыктарын коргоого багытталган мамлекеттик жана улуттук программаларды ишке ашырууга мүмкүн болушунча салым кошууда.