Главная / Кыргызстандарт кыргыз-пакистан Өкмөттөр аралык комиссиясынын 5-жыйынында
Кыргызстандарт кыргыз-пакистан Өкмөттөр аралык комиссиясынын 5-жыйынында
2025-жылдын 28-июлунда Пакистан Ислам Республикасынын борбору Исламабад шаарында Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын бешинчи жыйыны болуп өттү. Кыргызстандан келген делегацияны Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жетектеди.
Өкмөттөр аралык комиссиянын ишине Кыргызстандарттын директору Нурматов Болотбек Асанович катышты.
Жыйындын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору менен Пакистандын Стандарттар жана сапатты контролдоо органынын (PSQCA) ортосунда стандартташтыруу, метрология жана шайкештикти баалоо жаатында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.
Жыйынга катышуу кыргыз-пакистан экономикалык байланыштарын чыңдоодо маанилүү кадам болуп, өз ара пайдалуу өнөктөштүк үчүн жаңы келечектерди ачты.