Главная / ISO 9001 стандарты боюнча сертификация – жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу кызматтарынын сапатын жогорулатууга багытталган маанилүү кадам
ISO 9001 стандарты боюнча сертификация – жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу кызматтарынын сапатын жогорулатууга багытталган маанилүү кадам
Бишкек, 2025-жылдын 24-июлу – Бишкек шаарында лицензиясы бар жеке иш менен камсыздоо агенттиктери (ЖИКА) үчүн семинар өттү. Иш-чарада ISO 9001 сапатты башкаруу стандартынын жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу тармагындагы практикалык колдонулушу талкууланды.
Семинар Эл аралык миграция уюмунун (ЭМУ) тарабынан «Эмгектик миграция программасы – Борбор Азия, I-фаза» долбоорунун алкагында өткөрүлдү. Бул долбоор Швейцариянын өнүгүү жана кызматташтык агенттиги (SDC) тарабынан каржыланат.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Кыргызстандарт, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, ошондой эле ЭСКММ караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору менен өнөктөштүктө уюштурулду.
ISO 9001 стандарты – бул жөн гана формалдуулук эмес, ЖИКА үчүн ишти системалаштырууга, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга жана кардарлар менен өнөктөштөрдүн ишенимин арттырууга көмөктөшкөн практикалык жана натыйжалуу курал. Мындан тышкары, ISO 9001 боюнча сертификация көп учурда лицензия алуу же аны узартуу шарттарынын бири болуп саналат.
Семинар учурунда катышуучулар стандартты ишке киргизүүдөгү реалдуу мисалдарды талкуулашты:
· агенттиктер сертификация учурунда кандай кыйынчылыктарга туш болушат;
· ISO 9001 стандартын колдонуу ички процесстерди жана сапатты көзөмөлдөө механизмин кантип жакшыртат;
· ЖИКА үчүн узак мөөнөттүү артыкчылыктары эмнеде.
ISO 9001 боюнча сертификация төмөнкү артыкчылыктарды берет:
· кардарлардын жана өнөктөштөрдүн ишенимин жогорулатуу;
· ички бизнес-процесстерди оптималдаштыруу;
· атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу;
· кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу;
· мүмкүн болгон тобокелчиликтерди аныктоо жана азайтуу;
· ишмердүүлүктүн ачыктыгын жана жоопкерчиликти жогорулатуу;
· кызматкерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу;
· мамлекеттик жана эл аралык түзүмдөр менен өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу;
· катачылыктар жана кайталап аткарылган операциялар менен байланышкан чыгымдарды азайтуу;
· базардагы өзгөрүүлөргө ыкчам жооп кайтаруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу.
«ISO 9001 боюнча сертификация – бул эмгектик миграция тармагындагы туруктуу, ачык жана натыйжалуу ишмердүүлүккө карай жол. Бүгүнкү күндө биз бул стандартты “Sun Rise” аттуу жеке компаниянын мисалында ишке ашырып, апробациядан өткөрдүк. Алынган жыйынтыктар ISO 9001 стандарты мекемелердин ишин жакшыртууга өбөлгө түзөрүн көрсөттү», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргызстандарттын Метрология башкармалыгынын метрологиялык иштер бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Абиева.