Главная / 2023-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын Сапат боюнча сыйлыгын изденип алууга сынагы.

2023-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын Сапат боюнча сыйлыгын изденип алууга сынагы.

2023-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын Сапат боюнча сыйлыгын изденип алууга сынагы.


14 апреля, 2025

11 апрель 2025 жылы “Ынтымак Ордо” Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында Кыргыз Республикасынын 2023-2024-жылдарга сапат боюнча сыйлыктарын тапшыруу аземи болуп өттү. Сынактын катышуучуларына сыйлыктарды Торобаев Бакыт Эргешевич, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри тапшырды.

Кыргызстандарт-Кыргыз Республикасынын сыйлыктарын ыйгаруу боюнча Кеңештин Техникалык катчылыгы катары маалымдайт:

Кыргыз Республикасынын №856-т Министрлер Кабинетинин тескемесине ылайык 2024-жылдын 26 - декабрындагы Кыргыз Республикасынын Сапат боюнча 2023-2024-жылдар үчүн сыйлыгын изденип алуу конкурсунун лауреаттары жана дипломанттары төмөнкү номинациялар боюнча аныкталды:

Лауреаттар:

        1) өндүрүштүк багыттагы продукцияларды жана эл керектөөчү товарларды өндүрүү:

чакан ишканалар (саны 50 адамга чейин):

-         “МегаВентс” жоопкерчилиги чектелген коомуна, Бишкек шаары;

орто ишканалар (саны 51ден 200 адамга чейин):

-         “Aiko-Seiko” (Айко Сейко) жоопкерчилиги чектелген коомуна, Ысык-Көл облусу;

ири ишканалар  (саны 201 адамдан жогору):

     -    “Кант ТШП” жоопкерчилиги чектелген коомуна, Чүй облусу;

        2)  азык-түлүк товарларын жана айыл чарба продукциясын өндүрүү:

чакан ишканалар (саны 50 адамга чейин):

-         “Сазановский” Агрохолдинги” жоопкерчилиги чектелген коомуна, Ысык-Көл облусу;

орто ишканалар (саны 51ден 200 адамга чейин):

-         “Дан Агро Азыктары” жоопкерчилиги чектелген коомуна, Чүй облусу;

-         “Ак-Жалга” жабык акционердик коомуна, Ысык-Көл облусу;

ири ишканалар (саны 201 адамдан жогору):

     -    “Агро-куш”  жоопкерчилиги чектелген коомуна, Ысык-Көл облусу;

      3)  кызмат көрсөтүүлөр:

орто ишканалар (саны 51ден 200гө чейин):

-         “Кыргыз зергерчилик завод “Алтын” Жоопкерчилиги чектелген коомуна, Бишкек шаары;

ири ишканалар  ( саны 201 адамдан жогору):

       -  “Дос-Кредобанк” Ачык акционердик коомуна, Бишкек шаары.

Дипломанттар:

1) азык-түлүк товарларын жана айыл чарба продукциясын өндүрүү:

чакан ишканалар (саны 50 адамга чейин):

-         “Талас-даамы” жоопкерчилиги чектелген коомуна, Талас облусу;

-         “Жайыл Милк” жоопкерчилиги чектелген коомуна, Чүй облусу;

-           “Жети баатыр” соода маркасына, жеке ишкер М.М. Махмудовго  Ош облусу.

орто ишканалар (саны 51ден 200 адамга чейин):

-         “Ак-булак плюс” жоопкерчилиги чектелген коомуна, Ысык-Көл облусу;

ири ишканалар (саны 201 адамдан жогору):

-         “Барбол” жоопкерчилиги чектелген коомуна,  Ош облусу.

 

Сапат боюнча Кыргыз Республикасынын сыйлыгын ыйгаруу боюнча сынакка активдүү катышкандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика жана Коммерция министрлигинин Ардак грамотасы менен төмөнкү номинациялар боюнча сыйланды:

1)    "Өндүрүштүк багыттагы продукцияларды жана эл керектөөчү товарларды өндүрүү" номинациясында:

-         " Айко Фэшн" ЖЧК, Ош шаары;

2) "Азык-түлүк товарларын жана айыл чарба продукциясын өндүрүү" номинациясында:

- " Май-Булак Каракол" ЖЧК, Ысык-Көл областы, Каракол шаары;

- " Кошой " ААК Чүй областы., Сокулук району

- " Доктор Пчелка" Соода белгиси, ЖИ Бекжанова Ч. (табигый экопродуктторду өндүрүү). 

 

КР ЭКМ караштуу Кыргызстандарттын Ардак грамотасы менен:

1) "Азык-түлүк товарларын жана айыл чарба продукцияларын өндүрүү" номинациясы боюнча:

-  "ДилНур Кейджи" ЖЧК, г. Бишкек;

-   ЖИ Шамырзаева В. О. , ТМ "Ак Кеме".

Ушуну менен бирге, Кыргызстандарт "Кыргыз Республикасынын сапат боюнча 2025-2026-жылдар үчүн сыйлыгын изденип алуу конкурсуна" каттоо ачылгандыгын кубануу менен билдирет. Кеңири маалымат алуу үчүн  Тел. (312) 66 22 81, e-mail: qms@nism.gov.kg