Главная / Басым лабораториясында лабораториялар аралык салыштыруу

Басым лабораториясында лабораториялар аралык салыштыруу

Басым лабораториясында лабораториялар аралык салыштыруу


26 марта, 2025

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун (Кыргызстандарт) басым эталондук лабораториясынын адистери "Кыргызстанда сапат инфраструктурасынын кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланууга көмөктөшүү" Физика-техникалык институтунун (РТВ) долбоорунун алкагында 2025-жылдын 17-мартынан 21-мартка чейин эки тараптуу ( НИМТ, Кыргызстандарт) 60 - 110 кПа диапазонунда абсолюттук басымды өлчөө каражаттарын лабораториялар аралык салыштырууга катышышты. Салыштыруу объектиси - бул жогорку тактыктагы санариптик манометр, иштөө чөйрөсү — жогорку тазаланган азот. Тренерлер РТВ долбоорунун эл аралык эксперттери, алар Таиланддын басымды өлчөө боюнча изилдөө институтунун адистери, Тават Чангпан, Ликит Сайно жана Доктор Тасане. Таиланддын улуттук метрологиялык институтунун (НИМТ) өкүлдөрү салыштыруу объектисин коштоп жүрүшөт жана эл аралык талаптарга ылайык жүргүзүлүүчү өлчөө процессине түздөн-түз байкоо жүргүзүшөт.

Пилоттук лаборатория Таиланддын улуттук метрологиялык институту болуп саналат, анын KCDB BIPM жарыяланган СМС саптары бар.

Лабораториялар аралык салыштыруулардын натыйжалары Кыргызстан үчүн зор мааниге ээ, анткени алар эталондук лабораториянын адистеринин компетенттүүлүгүн тастыкташат жана өлчөөлөрдү эл аралык таанууга мүмкүндүк берет. Бул Кыргызстан үчүн маанилүү кадам, анткени өлкөдө КМШ өлкөлөрүнөн айырмаланып биринчи жолу абсолюттук басым аймагы өздөштүрүлгөн, мурда артыкча жана вакуумдук басым гана колдонулган..

             Лабораториялар аралык салыштыруу басым эталондук лабораторияларынын адистеринин компетенттүүлүгүн ырастайт жана бул өлчөөлөрдү эл аралык таанууга мүмкүндүк берет. Эми абсолюттук басымды өлчөөчү приборлор Кыргызстанда гана эмес, Борбор Азия өлкөлөрүндө да бул лабораторияда калибрленген болушу мүмкүн.