Главная / Урматтуу окурмандар!!!

Урматтуу окурмандар!!!

Урматтуу окурмандар!!!


17 декабря, 2024

Бүгүнкү күндө Кыргызстандарттын Эл керектөөчү товарларды, идиштерди жана таңгактарды сыноо лабораториясы "Сыноочу жана калибровкалоочу лабораториялардын компетенттүүлүгүнө карата жалпы талаптар" ИСО/МЭК 17025-2019 эл аралык стандартынын талаптарына ылайык сыноолорду жүргүзүү үчүн өзүнүн компетенттүүлүгүн тастыктады жана аккредитациялоо тармагын кеңейтүү менен аккредитациялоо аттестатын алышты.

Лаборатория кандай кызматтарды көрсөтөт?

Бул Сыноо лабораториясы Евразиялык экономикалык бирлигинин төмөнкү техникалык регламенттеринин талаптарына ылайык сыноолорду жүргүзөт:

1)                 ББ/ТР 005/2011 "Таңгактын коопсуздугу жөнүндө"

2)                 2) ББ/ТР 007/2011 "Балдар жана өспүрүмдөр үчүн арналган продукциянын коопсуздугу жөнүндө"

3)                 ББ/ТР 008/2011 "Оюнчуктардын коопсуздугу жөнүндө"

4)                 ББ/ТР 009/2011 "Парфюмердик-косметикалык продукциянын коопсуздугу жөнүндө"

5)                 ББ/ТР 017/2011 "Жеңил өнөр жай продукцияларынын коопсуздугу жөнүндө"

Сыноо лабораториясы заманбап жабдуулар менен жабдылган.

Кардарларга артыкчылыктар

Рынокто таануу: аккредитацияланган лабораторияда сыналган үлгүлөр керектөөчүлөрдүн ишенимин арттырат.

Сыноолордун жыйынтыгы шайкештикти боюнча декларацияны каттоодо жана продукцияны сертификациялоодо колдонулат.

Сапат кепилдиги: Аккредитация лабораториянын сыноолорду эл аралык сапат стандарттарына ылайык жүргүзүп жаткандыгын тастыктайт.