Главная / Кыргызстандарттын Улуттук калибрлөө лабораториялары техникалык компетенттүүлүгүн жана эл аралык ГОСТ ISO/IEC 17025:2019 стандартынын талаптарына шайкештигин ийгиликтүү тастыкташты

Кыргызстандарттын Улуттук калибрлөө лабораториялары техникалык компетенттүүлүгүн жана эл аралык ГОСТ ISO/IEC 17025:2019 стандартынын талаптарына шайкештигин ийгиликтүү тастыкташты

Кыргызстандарттын Улуттук калибрлөө лабораториялары техникалык компетенттүүлүгүн жана эл аралык ГОСТ ISO/IEC 17025:2019 стандартынын талаптарына шайкештигин ийгиликтүү тастыкташты


16 декабря, 2024

2024-жылдын 9-декабрынан 13-декабрына чейин Кыргызстандарттын Электр энергиясы жана убакыт боюнча Улуттук лабораторияларында, ошондой эле узундук боюнча лабораториясында ГОСТ ISO/IEC 17025:2019 «Сынак жана калибрлөө лабораторияларынын компетенттүүлүгүнө болгон жалпы талаптар» эл аралык стандартынын талаптарына шайкештик боюнча текшерүү көзөмөлү ийгиликтүү жүргүзүлдү. Текшерүү көзөмөлү онлайн жана оффлайн форматтарынын айкалышында өттү.

Текшерүү көзөмөлү Кыргыз Республикасынын Аккредитация боюнча улуттук органы тарабынан Словениядан жана Грециянын Улуттук метрология институтунан келген жогорку деңгээлдеги эл аралык техникалык эксперттердин катышуусу менен эки тараптуу PTB долбоорунун (Германиянын Физика-техникалык улуттук метрология институту) колдоосу менен онлайн форматта жүргүзүлдү. Бардык процедуралар англис тилинде жүргүзүлүп, бул Кыргызстандарттын улуттук лабораторияларынын кызматкерлеринин ишинин ачык-айкындуулугун жана кесипкөйлүгүн жогору деңгээлде тастыктады.

Текшерүү көзөмөлүнүн жүрүшүндө эки улуттук лабораториянын кызматкерлери убакыт интервалдары жана узундук боюнча метрология жаатында жогорку кесипкөйлүгүн жана өзгөчө техникалык компетенттүүлүгүн көрсөтүштү. Бул сунушталган калибрлөө кызматтарынын сапаты жана ишенимдүүлүгү боюнча эл аралык катуу стандарттарга шайкеш келерин далилдейт.

Аккредитациянын артыкчылыктары
Текшерүү көзөмөлүн ийгиликтүү өтүү жана ГОСТ ISO/IEC 17025:2019 талаптарына шайкештигин тастыктоо Кыргызстандарттын улуттук лабораториялары үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат, анын ичинде:

  • сунушталган кызматтарга ички жана эл аралык өнөктөштөрдүн ишенимин бекемдөө;
  • калибрлөө кызматтарынын эл аралык рыноктогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу;
  • метрологиялык камсыздоо жана өз ара таануу боюнча эл аралык программаларга катышууну кеңейтүү;
  • глобалдык метрология инфраструктурасына интеграциялоо жана Кыргыз Республикасынын стандартизация жана метрология тармагындагы позициясын бекемдөө.