Главная / Кыргызстандарттын өкүлдөрү 2024-жылдын 9-декабрынан 13-декабрына чейин "Биологиялык коопсуздук боюнча Картахен протоколуна ылайык биологиялык коопсуздуктун улуттук механизмин ишке ашыруу" долбоорунун
Кыргызстандарттын өкүлдөрү 2024-жылдын 9-декабрынан 13-декабрына чейин "Биологиялык коопсуздук боюнча Картахен протоколуна ылайык биологиялык коопсуздуктун улуттук механизмин ишке ашыруу" долбоорунун алкагында тажрыйба алуу максатында Беларусь Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын генетика жана цитология институтуна барышты.

Беларусь Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын генетика жана цитология институтунун директору, медицина илимдеринин доктору, профессор Макарина-Кибак Людмила Эдуардовна жана Биологиялык коопсуздук боюнча Улуттук Координациялык борбордун жетекчиси Мозгова Галина Валерьевна менен расмий жолугушуу болуп өттү.
Иш сапардын максаты: Кыргызстандарттын эксперттерин Биологиялык коопсуздук боюнча Картахен протоколуна ылайык биологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча Беларусь Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын генетика жана цитология институтунун биокоопсуздук боюнча Улуттук координациялык борборунун ишмердүүлүгү менен таанышуу.
Сапардын алкагында Беларусь Республикасынын ГМО боюнча мыйзамдары жана ГМО жөнгө салуу системасы, маселелери боюнча ыйгарым укуктуу министрликтердин жана ведомстволордун компетенциялары (контролдоо, көзөмөлдөө, шайкештикти тастыктоо, чыгаруу, жүгүртүү), ошондой эле Беларусь Республикасынын биологиялык коопсуздук боюнча улуттук механизми жаатындагы тажрыйба алмашуу болду.