Главная / Кыргызстандартын делегациясы Беларусь Республикасынын Мамлекеттик стандарт иш сапары

Кыргызстандартын делегациясы Беларусь Республикасынын Мамлекеттик стандарт иш сапары

Кыргызстандартын делегациясы Беларусь Республикасынын Мамлекеттик стандарт иш сапары


11 декабря, 2024

2024-жылдын 10-декабрында Беларусь Республикасынын Мамлекеттик стандарт базасында стандартташтыруу, метрология, шайкештикти баалоо жана сыноо жаатында эки тараптуу кызматташуу маселелери боюнча жолугушуу болуп өттү.

Иш-чаранын программасынын алкагында, стандартташтыруу жана метрология боюнча Беларустун улуттук институттарынын өлчөө мүмкүнчүлүктөрү жана тажрыйбасы менен таанышууну камтыды.

Мындан тышкары 2024-2028-жылдарга кызматташуунун негизги багыттары улуттук жана жумушчу эталондордун түзүү боюнча программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, аларды салыштыруу, ошондой эле өлчөө каражаттарына метрологиялык байкоо жүргүзүүнү жана лабораториялык салыштырууну камсыз кылуу, калибрлөө, заманбап жогорку тактыктагы өлчөө жабдууларын түзүү боюнча илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди жүргүзүүгө, маалымат жана топтолгон тажрыйба менен алмашууга, адистерди окутууга жана стажировкадан өтүүгө болгон муктаждыктары уюштуруу жана өткөрүү болуп саналат.

Жыйындын соңунда Улуттук метрологиялык институттардын жетекчилери Болотбек Нурматов менен Александр Казачок Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбору (КЫРГЫЗСТАНДАРТ) менен Республикалык унитардык «Беларусь мамлекеттик метрология институту» (BelGIM) ишкананын ортосундагы макулдашууга кол коюшту.