Главная / Кытайдын башкы Администрациясынын метрология департаментинин рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу боюнча делегациясынын Кыргызстандартка иш сапары

Кытайдын башкы Администрациясынын метрология департаментинин рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу боюнча делегациясынын Кыргызстандартка иш сапары

Кытайдын башкы Администрациясынын метрология департаментинин рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу боюнча делегациясынын Кыргызстандартка иш сапары


03 декабря, 2024

2024-жылдын 2-3-декабрында Бишкек шаарында Кыргызстандарттын базасында Кыргызстандарттын жана Кытай Эл Республикасынын Улуттук метрология институтунун өкүлдөрүнүн эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө метрология, стандартташтыруу жана шайкештикти баалоо жаатында кызматташуунун негизги багыттары талкууланды, анын ичинде:

-          Метрология жана стандартташтыруу жаатындагы документтерди, стандарттарды өз ара алмашуу;

-   Региондук метрологиялык уюмдардын алкагында чоңдуктардын бирдиктеринин улуттук жана баштапкы эталондорун жана өлчөө каражаттарын биргелешип салыштырууну ишке ашыруу;

- Метрология жаатында биргелешкен илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү, ошондой эле изилдөөлөрдү жүргүзүү жана өлчөөлөрдүн, текшерүүнүн жана калибрлөөнүн жаңы методдорун, ошондой эле стандарттык үлгүлөрдү иштеп чыгуу;

-  Кытай Эл Республикасынын Улуттук метрология институтунда Кыргызстандарттын улуттук эталондорунун өлчөөлөрүн метрологиялык байкоону камсыз кылуу.

"Метрикалык Конвенцияга кол коюу жана Азия-Тынч океан регионунун өлкөлөрүнүн улуттук метрологиялык институттарын бириктирген жана аймактык метрологиялык мүмкүнчүлүктөрдү жакшыртуу менен алектенген APMP (Азия-Тынч океан метрологиялык программасы) ассоциацияланган мүчөсү катары катышуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду".

Ошондой эле, Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы абанын булганышына мониторинг жүргүзүүгө катышкан өлчөөчү каражаттар менен байланышкан маселелер талкууланды.

Мындан тышкары, иш сапарынын алкагында делегация Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө максатында "Чайна Петроль Компани Джунда "ЖЧК мунай иштетүүчү заводуна барышты.

Бул жолугушуу Кыргызстандын метрологиялык системасын өнүктүрүү жана эл аралык аренадагы позициябызды бекемдөө үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Кыргызстандарт бул кызматташуу реалдуу натыйжаларга алып келип, туруктуу экономикалык өсүшкө өбөлгө болоруна ишенет.