Главная / Португалиянын сапат институтунда чоң көлөмдөгү жабдууларын калибрлөө боюнча тренинг

Португалиянын сапат институтунда чоң көлөмдөгү жабдууларын калибрлөө боюнча тренинг

Португалиянын сапат институтунда чоң көлөмдөгү жабдууларын калибрлөө боюнча тренинг


26 ноября, 2024

Германиянын Физика-техникалык институтунун (РТВ) "Кыргызстанда сапат инфраструктурасынын кызматтарынан пайдаланууга көмөктөшүү" долбоорунун алкагында 2024-жылдын 20-22-ноябрынды Португалияда Кыргызстандарттын метрология башкармалыгынын көлөм жана суюктук лабораторияларынын адистери үчүн семинар болуп өттү. Иш-чара Капарика шаарындагы Португалиянын сапат институтунда (IPQ) болуп өтүп жана чоң көлөмдөгү чараларды калибрлөө боюнча теориялык жана практикалык даярдыктарды камтыды.

Семинардын максаты чоң көлөмдөгү өлчөө жабдууларын (өлчөө цистерналары жана идиштери) калибрлөө ыкмаларына үйрөтүү, ошондой эле метрология тармагындагы адистердин квалификациясын жогорулатуу болду. Программа калибрлөөнүн эки ыкмасы боюнча так эместикти эсептөө жүргүзүлдү: гравиметриялык ыкма (көлөмдү массаны өлчөө аркылуу эсептөө) жана көлөмдүк ыкма (эталондук жабдууларды колдонуу менен көлөмдү аныктоо). Практикалык сабактардын алкагында катышуучулар ар кандай көлөмдөгү өлчөө жабдууларын калибрлешти (2 литрден 100 литрге чейин) жана алынган натыйжаларды салыштырышты.

Семинарга IPQ, Грузиянын Стандарттар жана метрология боюнча улуттук агенттигинин (GeoSTM) жана Кыргызстандарттын адистери катышышты. Иш-чаранын лектору техника илимдеринин доктору Эльза Батишта, IPQ көлөм жана агым лабораториясынын жетектөөчү эксперти.

Мындан тышкары IPQ аймагында эталондор музейи жайгашкан, анда XVI кылымдын башынан тартып азыркы күнгө чейин сакталып эталондордун үлгүлөрү сакталып келет. Музей экспонаттары бардык каалоочулар үчүн жеткиликтүү болуп, стандартташтыруу жана метрология тарыхы тууралуу маалымат булагы болуп келет. Бул музейге мектеп окуучуларынан баштап баардык каалоочулар үчүн, Португалиянын тарыхына жана өлчөө технологияларынын өнүгүшүнө кызыккан чоң кишилерге чейин келгендер көп.

Семинар катышуучуларга өз ишин пландап, ишке ашырууга жана баалоого, ошондой эле кесиптик деңгээлин жогорулатууга зарыл билимдерди берди.