Главная / Кытай Эл Республикасынын Шэньси метрология институтунун Кыргызстандарта адистеринин иш сапары
Кытай Эл Республикасынын Шэньси метрология институтунун Кыргызстандарта адистеринин иш сапары
"Бир алкак – бир жол" демилгесинин алкагында жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбору менен Кытай Эл Республикасынын Шэньси метрология институтунун тестирлөө жана метрология боюнча улуттук изилдөө борборунун (SIMS) ортосундагы "метрология жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумду" ишке ашыруунун алкагында тажрыйба алмашуу жана эл аралык талаптарга ылайык өлчөө каражаттарын калибрлөө жана текшерүү методикаларын өркүндөтүү максатында 18-ноябрдан 22-ноябрга чейин Кыргызстандарттын делегаттары таанышуу иш сапары менен SIMS базасына жайгашууда
Сапардын жүрүшүндө делегация бир катар адистештирилген метрологиялык жана сыноолор лабораториялары: медициналык жана оптикалык лабораторияларга, электромагниттик өлчөө лабораторияларына, так геодезия лабораториясына, теплофизика лабораториясына, химиялык лабораторияга, материалдарды контролдоо лабораториясына, энергонатыйжалуулукту текшерүү лабораториясына, механика лабораториясына жана чыгым өлчөгүчтөр лабораториясыны менен таанышат.
Белгилей кетсек, ушул жылдын август айында SIMS адистери лабораториялар аралык салыштыруу үчүн эталондук тараза таштарын алып келишкен, бул Кыргызстандарттын эталондук салмак жана тараза лабораториясын өлчөө мүмкүнчүлүгүн кыйла жогорулатат, ошондой эле өлкөнүн метрологиялык инфраструктурасын жакшыртат. Бул көрсөтүлгөн кызматтардын спектрин кеңейтүү жана көлөмүн көбөйтүү үчүн негиз болот.
Жол картасына ылайык, жакынкы үч жылда Кыргызстандарт Кытай Эл Республикасы менен байланышты гана бекемдебестен, метрологиялык инфраструктураны да активдүү өнүктүрө алат, бул Кыргызстандын экономикалык туруктуу өнүгүүсүнө жана экономиканын ар кандай секторлорунда көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт.