Главная / Кыргызстандарттын аймактык борборлорун аккредитациялоо

Кыргызстандарттын аймактык борборлорун аккредитациялоо

Кыргызстандарттын аймактык борборлорун аккредитациялоо


24 октября, 2024

21-октябрдан 24-октябрга чейин Кыргызстандарттын базасында Кыргызстандарттын метрология башкармалыгынын адистери аймактык борборлорго аккредитациялоо үчүн колдоо көрсөтүшүүдө. Бул иш-чара "Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашырууга багытталган, бул Кыргыз Республикасында менеджмент / башкаруу системасын жана өлчөө системасынын сапатын жакшыртууга жардам берет.

Бул семинар Кыргызстандарттын аймактык борборлору үчүн ISO/IEC 17020 жана ISO/IEC 17025 стандартынын интеграцияланган системасы боюнча аккредитациялоо үчүн аралык цикл семинарлар этабы болуп саналат.

Семинар Кыргызстандарттын аймактык борборлорун колдоо максатында уюштурулган, Кыргызстандарттын борбордук аппаратынын эталондук лабораторияларынын адистери эл аралык стандарттардын талаптарына ылайык эл аралык таанууну алуу максатында аймактык борборлорго колдон келген колдоону көрсөтүшөт.