Главная / "Инфраструктура институттарынын жана жеке сектордун өз ара аракеттенүүсү-өндүрүштүк сектор менен өндүрүштүк мамиле" темасында семинар өтүүдө.

"Инфраструктура институттарынын жана жеке сектордун өз ара аракеттенүүсү-өндүрүштүк сектор менен өндүрүштүк мамиле" темасында семинар өтүүдө.

"Инфраструктура институттарынын жана жеке сектордун өз ара аракеттенүүсү-өндүрүштүк сектор менен өндүрүштүк мамиле" темасында семинар өтүүдө.


22 октября, 2024

2024-жылдын 21-октябрынан 23-октябрына чейин Бишкекте РТВ долбоорунун (Германиянын улуттук метрологиялык институту) алкагында "инфраструктура институттарынын жана жеке сектордун өз ара аракеттенүүсү-өндүрүштүк сектор менен өндүрүштүк мамиле"темасында семинар өтүүдө. Семинарда Кыргыз экспортерлорунун продукцияларынын ЕБ рынокторуна жеткиликтүүлүгүн камсыздоо, тамак-аш продукциясынын сапатын жогорулатуу, ЕБ рыногунда анын жүгүртүү шарттары, соода түйүндөрүнүн талаптары, транспорттук жана этикетка документтерине талаптар жана техникалык тоскоолдуктарды азайтуу сыяктуу маанилүү маселелер каралат. Семинар Голландиядан келген эл аралык эксперттин катышуусу менен ЕБ рынокторуна продукциянын жеткиликтүүлүгүнүн укуктук талаптары маселелери боюнча өтүүдө. Семинарга кургатылган жемиш жана жаңгак өстүрүүчүлөр катышууда.  Кыргызстандарттын адистери  (борбордук аппараттын жана анын Ош аймактык бөлүмүнүн өкүлдөрү), алар бул продукцияны өндүрүүдө жүргүзүлгөн бардык өлчөөлөргө метрологиялык байкоо жүргүзүүнү камсыз кылышат. Семинарда алынган билимдер Кыргыз экспортерлоруна товарлардын эл аралык соодасы үчүн негизги шарттардын маселелерин чечүү үчүн рычаг берет.