Главная / Кыргызстандартта мекеме жетекчилеринин жана кызматкерлердин катышуусунда коррупцияга каршы окуу болуп өттү

Кыргызстандартта мекеме жетекчилеринин жана кызматкерлердин катышуусунда коррупцияга каршы окуу болуп өттү

Кыргызстандартта мекеме жетекчилеринин жана кызматкерлердин катышуусунда коррупцияга каршы окуу болуп өттү


01 октября, 2024

Министрдин орун басары Н.К. Малаевдин тапшырмасы боюнча, коррупцияга каршы билимди жаңылоо максатында, бүгүн, 2024-жыл 1-октябрында, ЭжКМ алдындагы Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборунун кызматкерлеринин катышуусу менен коррупцияга каршы окутуу болуп өттү. Иш-чарага Министрликтин Техникалык жөнгө салуу башкармалыгынын башчысы Б.К. Шабданов катышты, окутуу Министрликтин коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Н.К. Сыдыгалиева тарабынан өткөрүлдү.

Коррупция социалдык-экономикалык модернизациялоонун жолундагы олуттуу коркунуч катары мамлекеттик бийлик органдарына ишенбөөчүлүккө, тиешелүү түрдө коомдун өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформаларды туура эмес кабыл алышына алып келет.

Буга байланыштуу иш - чарада 2012-жылдан тартып министрликке болгон калктын ишеним индексинин (мындан ары-КИИ) анализинин жыйынтыктары жана акыркы үч жылдагы тенденция айтылды. КИИни жогорулатуу коррупцияга каршы саясатты түзүүдө индикаторлордун бири болуп саналат.

Ошондой эле коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо, баалоо жана башкаруу маселелери боюнча билим жаңыртылды. Тобокелдиктерди талдоонун жана баалоонун жыйынтыктары боюнча 2024-2026-жылдарга коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу боюнча План иштелип чыккан, ал Министрликтин тигил же бул функцияларына жана иш процесстерине киргизилген коррупциялык тобокелдиктерди жоюу же азайтуу боюнча чараларды жана механизмдерди максималдуу түрдө камтыйт.

Бүгүнкү күндө министрликте 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы туруу боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча Министрликтин иш-чаралар планы бекитилди (2025-2027-жылдардын орто мөөнөттүк мезгилине атайын этап үчүн). Мындан тышкары, 2024-жылдын аягына чейин Министрликтин системасында коррупциянын алдын алуу боюнча 2023-2025-жылдарга карата стратегиялык план иштейт.

Мындан тышкары, министрлик коррупцияга каршы саясат катары тартиптүүлүк жөнүндө декларацияны иштеп чыгууну пландаштырат, ал министрликте коррупциянын алдын алууга карата бирдиктүү мамилени түзүү үчүн негиз болуп кызмат кылат.

Коррупцияга каршы чараларды сапаттуу аткаруу, ошондой эле этикалык стандарттарды сактоо жана коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө боюнча жумуш учурлар талкууланды.