Главная / Басым эталондук лабораториясында лабораториялар аралык салыштыруу
Басым эталондук лабораториясында лабораториялар аралык салыштыруу
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун (Кыргызстандарт) басым эталондук лабораториясынын адистери "Кыргызстанда сапат инфраструктурасынын кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланууга көмөктөшүү" Физика-техникалык институтунун (РТВ) долбоорунун алкагында 2024-жылдын 14-20-сентябрь 3,5 МПа (35 бар) диапазонундагы лабораториялар аралык салыштырууга катышышты. Салыштыруу объектиси-бул жогорку тактыктагы санариптик манометр, ал эми иштөө чөйрөсү — жогорку тазаланган азот болуп эсептелинет. Кыргызстандарттын басым эталондук лабораториясынын адистери үчүн бул газ басымын өлчөө жаатындагы мындай иш-чараларга катышкан биринчи тажрыйба, мындан тышкары Шри-Ланканын улуттук метрологиялык Институтунун өкүлү салыштыруу объектисин коштоп жүрөт жана эл аралык талаптарга ылайык жүргүзүлүүчү өлчөө процессине түздөн-түз байкоо жүргүзөт.
Лабораториялар аралык салыштырууларга Кыргыз Республикасы, Өзбекстан Республикасы, Грузия Республикасы, Монголия катышат, ал эми пилоттук лаборатория Шри-Ланканын улуттук метрологиялык институту болуп саналат, анын KICDB BIPM де жарыяланган саптары бар.
Лабораториялар аралык салыштыруу өлчөө натыйжаларына болгон ишенимди жогорулатат жана жалпысынан лабораториялык иштердин сапатын жакшыртат.