Главная / Кыргызстандарттын эталондорунун ченөөлөрүнүн бирдиктүүлүгүн жана байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуу

Кыргызстандарттын эталондорунун ченөөлөрүнүн бирдиктүүлүгүн жана байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуу

Кыргызстандарттын эталондорунун ченөөлөрүнүн бирдиктүүлүгүн жана байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуу


09 сентября, 2024

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбору (мындан ары - Кыргызстандарт) Германиянын Физико-техникалык институтунун (РТВ) "Кыргызстанда сапат инфраструктурасынын кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланууга көмөктөшүү" долбоорунун алкагында РТВ, ошондой эле Германиянын аккредиттелген калибрлөө лабораторияларында улуттук жана баштапкы эталондорду рекалибрлөө процесси ийгиликтүү аяктагандыгын билдирет.

Ушул учурдан тартып биз узундук (сызык жана ченегич узундук өлчөгүчтөрү, штангенциркуль аспаптары, микрометрлер), басым (жүк жүктөлүүчү манометрлер), ошондой эле электр жана убакыт (секундомер, электр каршылык өлчөө каражаттары, ток калибраторлор) чөйрөсүндөгү калибрлөө процессин эл аралык талаптарына ылайык улантуудабыз.

Өлчөө каражаттарын калибрлөө маселелери боюнча маалымат алуу үчүн Кыргызстандарттын расмий сайтынан. Жана эталондук лабораториялардын жетекчилеринин байланыш маалыматтарын таба аласыз.