Главная / "Лабораториялар аралык салыштырууларды жүргүзүү жана талдоо"

"Лабораториялар аралык салыштырууларды жүргүзүү жана талдоо"

"Лабораториялар аралык салыштырууларды жүргүзүү жана талдоо"


28 августа, 2024

2024-жылдын 27-августунан 31-августуна чейин Чолпон-Ата шаарында Кыргызстандарттын адистери Физико-техникалык институттун (PTВ) “Борбор Азия өлкөлөрүндө сапат инфраструктурасын бекемдөө” долбоорунун колдоосу менен "Лабораториялар аралык салыштырууларды жүргүзүү жана талдоо" темасында семинар өткөрүүдө. Тренинг Кыргызстандарттын аймактык борборлорунун адистери үчүн багытталган жана башкаруу системасын жакшыртууга жана аккредитация боюнча улуттук орган тарабынан баалоого даярдоого багытталган.

Семинар лаборатория аралык салыштыруу, эссептөө, талдоо жана натыйжаларды чечмелөө сыяктуу маанилүү аспектилерди камтыды. Бул процессор статистикасы жана математикалык анализге таянат жана текшерүү лабораторияларынын техникалык компетенттүүлүгүн тастыктоодо негизги ролду ойнойт.

Белгилей кетсек, салыштыруу координаторлору эми Кыргызстандарттын эталондук лабораториялары гана эмес, тиешелүү окутуудан өткөн Бишкек сыноо, сертификаттоо жана метрология борборунун лабораториялары да боло алат.

Семинардын алкагында ченөө бирдейлигин камсыздоо жаатында санариптештирүү, анын ичинде Текшерүү күбөлүктөрүн электрондук форматта тариздөө маселелери да каралат.

Мындан тышкары, семинардын катышуучулары стандартташтыруу башкармалыгы менен өз ара аракеттенүү, стандарттарды алуу үчүн арыздарды берүү, аларды жаңыртуу жана экспертизалоо боюнча билимге ээ болушат, ошондой эле стандарттардын интернет дүкөнү жана өндүрүш процесстеринин сапатын жогорулатуу ыкмалары (базалык Кайзен) менен таанышат.

Семинардын соңунда Кыргызстандардын аймактык борборлорунун адистери лабораториялар аралык салыштырууларга катышуу менен өздөрүнүн компетенттүүлүгүн эффективдүү тастыктай алышат, ошондой эле жыйынтыктарды туура эсептеп, чечмелей алышат. Лабораториялар аралык салыштыруулар текшерүү лабораторияларын аккредитациялоонун жана Кыргызстандардын аймактык борборлорунда алардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуунун маанилүү компоненти болуп саналат.