Главная / Global G. A. P стандарты боюнча тренинг

Global G. A. P стандарты боюнча тренинг

Global G. A. P стандарты боюнча тренинг


12 августа, 2024

2024-жылдын 5-августунан  9 августуна чейин USAID Борбордук Азия программасынын колдоосу менен Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрилигине караштуу стандартташтыруу жана метрология боюнча борборунда ар кандай мамлекеттик ведомстволорунун жана фермердик чарбалар Ассоциациясынын өкүлдөрү үчүн сертификацияланган экспертти тартуу менен Global G. A. P стандарты боюнча тренинг өттү.

Тренинг Global G. A. P стандарты "Айыл чарба өндүрүшүн башкаруунун интеграцияланган системасын, жемиштер жана жашылчалар үчүн принциптерди жана критерийлерди"  иштеп чыгуу жана ишке киргизүү үчүн зарыл болгон теориялык жана практикалык билимдерге үйрөтүүгө багытталды.

Ошондой эле экспресс аудит жүргүзүү үчүн фермердик чарбага чыгуу уюштурулган.

Кыргыз Республикасы азык-түлүк коопсуздугуна артыкчылык берүү аркылуу жаңы мөмө-жемиш базарларын диверсификациялоого активдүү умтулууда, мында Global G.A.P.  стандартына ылайык тамак-аш азыктарынын коопсуздугуна биринчи кезекте көңүл бурат. Буга көмөктөшүү үчүн Кыргызстандын улуттук техникалык командасы стандартты Кыргыз Республикасында киргизүү үчүн алдын ала институционалдык шарттарды түзүүгө багытталган.