Главная / ISO 9001:2015 эл аралык стандарты. Сапатты башкаруу системасын киргизүүнүн артыкчылыктары

ISO 9001:2015 эл аралык стандарты. Сапатты башкаруу системасын киргизүүнүн артыкчылыктары

ISO 9001:2015 эл аралык стандарты. Сапатты башкаруу системасын киргизүүнүн артыкчылыктары


05 августа, 2024

2024-жылдын 1-августунда Кыргызстандар Эл аралык Миграция уюму, Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору  КР ЭСКММ (Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги) менен биргеликте ишке орноштуруу боюнча жеке агенттиктер үчүн «ISO 9001:2015 эл аралык стандарты.  Сапатты башкаруу системасын киргизүүнүн артыкчылыктары» деген темада маалыматтык семинар өткөрдү.

Бул маалыматтык семинар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 13-апрелдеги 2022ж. № 191-т буйругу менен бекитилген 2021-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын миграциялык саясатынын концепциясынын биринчи этабын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруу максатында өткөрүлдү. 

Таанышуу жыйынына 50 лицензиясы бар агенттиктер катышып, анда ISO 9001 эл аралык стандарты боюнча сапат менеджменти системасын киргизүүнүн артыкчылыктары, сапат системасын киргизүү боюнча иштерди уюштуруу, ишке киргизүү этаптары, сапат системасынын ички аудити, ошондой эле кайзен пландаштыруу талкууланды.

Бул демилге Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) тарабынан каржыланган “Борбордук Азияда жөнгө салынуучу эмгек миграциясын илгерилетүү программасы” (1-фаза) аймактык долбоорунун бир бөлүгү. Программанын негизги максаты - эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн укуктарын коргоо үчүн эмгек миграциясын башкарууну жакшыртууга көмөктөшүү, уюшкан жана коопсуз ишке орноштуруу системасын өнүктүрүү. Долбоор 2026-жылга чейин ишке ашырылат жана ага Казакстан Республикасы, Кыргыз Республикасы, Тажикстан Республикасы жана Өзбекстан Республикасы кирет.