Главная / Кыргызстандарттын адистери үчүн Росстандарттын ФММС «Береста» маалыматтык системасынын платформасы менен таанышуу максатында онлайн окутуу болуп өттү

Кыргызстандарттын адистери үчүн Росстандарттын ФММС «Береста» маалыматтык системасынын платформасы менен таанышуу максатында онлайн окутуу болуп өттү

2024-жылдын 22-июлунда Кыргызстандарттын адистери үчүн Росстандарттын ФММС «Береста» маалыматтык системасынын платформасы менен таанышуу максатында онлайн окутуу болуп өттү.


22 июля, 2024

Кыргыз Республикасынын Экономика жана Коммерция министрлиги жана  Техникалык жөнгө салуу жана метрология боюнча федералдык агенттиктин  (Россия Федерациясы) ортосундагы стандартташтыруу, метрология жана шайкештикти баалоо тармагындагы кызматташуу маселелеси боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумду ишке ашыруу максатында, ошондой эле,  2024-жылдын 22-майында Баку шаарында (Азербайжан Республикасы) Мамлекеттер аралык техникалык комитеттин ишин уюштуруу боюнча жумушчу тобунун (мындан ары – МТК ЖТ) 13-отуруму жана Стандартташтыруу боюнча илимий-техникалык комиссиянын (мындан ары-СИТК ) 67 – отурумунун алкагында  болуп өткөн эки тараптуу жолугушуунун протоколуна ылайык,  Росстандарттын «Береста» маалыматтык подсистемасын колдонуу жана тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө чечим кабыл алынган.

Жогоруда айтылгандарга байланыштуу 2024-жылдын 22-июлунда Кыргызстандарттын базасында Стандартташтыруу башкармалыгынын адистери үчүн видеоконференцбайланыш режиминде онлайн окутуу, Росстандарттын «Береста» маалыматтык системасынын платформасы менен таанышуу өткөрүлдү.

«Береста» - стандартташтыруу чөйрөсүндө Росстандарттын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу максатында иштелип чыккан маалыматтык платформа.

Улуттук стандартташтыруу системасынын катышуучуларынын ишинин негизги процесстерин, анын ичинде стандартташтыруу боюнча документтердин жашоо циклин башкарууда, ошондой эле аларды иштеп чыгууда, редакциялоодо, экспертизалоодо, документтерди иштеп чыгууга мониторинг жүргүзүүдө жана контролдоодо автоматташтырууга арналган.

Иш - чарага Россия тараптан Иванов А. В. - Россия стандартташтыруу институтунун башкы директорунун орун басары, Касичин Д. М. - Россия стандартташтыруу институтунун башкы директорунун орун басары катышып презентация кылышты.

Кыргызстандарттын адистери Кыргызстандарттын стандартташтыруу процесстерин санариптештирүү максатында «Береста» маалыматтык системасын киргизүү, колдонуу боюнча бир катар кызыктуу суроолорду беришти.

Онлайн талкуу жогорку эксперттик деңгээлде өттү. Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча мындан аркы тажрыйба алмашуу жана практикалык окутуу улантылат.