Главная / Кытай Эл Республикасынын Рынокту жөнгө салуу боюнча мамлекеттик администрациясынын делегациясынын иш сапары

Кытай Эл Республикасынын Рынокту жөнгө салуу боюнча мамлекеттик администрациясынын делегациясынын иш сапары

Кытай Эл Республикасынын Рынокту жөнгө салуу боюнча мамлекеттик администрациясынын делегациясынын иш сапары


12 июля, 2024

12-июлда Кыргызстандарттын базасында стандартташтыруу, метрология жана сертификация тармагында кызматташуу максатында Кытай Эл Республикасынын рынокту жөнгө салуу боюнча мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.

Бул жолугушууда сапат инфраструктурасынын маселелери: Стандартташтыруу тармагында, тамак-аш жана айыл чарба багытындагы Кыргыз Республикасынын аймагында андан ары пайдалануу үчүн Кытай стандарттарын өткөрүп берүү боюнча, Кыргыз Республикасынын өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу максатында, Кытай Эл Республикасынын Улуттук метрология институту менен эки тараптуу кызматташтыкты арттыруу, биргелешкен лабораторияларды түзүү, ошондой эле шайкештикти баалоо жаатындагы маселелер каралды.

Эки тараптуу жолугушуу Кытайдын улуттук сертификациялоо жана аккредитациялоо администрациясы менен Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ортосундагы шайкештикти баалоо жаатындагы Меморандумду ишке ашыруунун алкагында өткөрүлдү.