Главная / DAkkS Европалык аккредитациялоо органы тарабынан Кыргызстандарттын салмак жана тараза эталондук лабораториясын жана башкаруу системасына инспекциялык көзөмөл

DAkkS Европалык аккредитациялоо органы тарабынан Кыргызстандарттын салмак жана тараза эталондук лабораториясын жана башкаруу системасына инспекциялык көзөмөл

DAkkS Европалык аккредитациялоо органы тарабынан Кыргызстандарттын салмак жана тараза эталондук лабораториясын жана башкаруу системасына инспекциялык көзөмөл


16 июля, 2024

2024-жылдын 16-июлунан 19-июлуна чейин Германиянын аккредитациялоочу органы - DAkkS тарабынан ISO/IEC 17025 - 2019 «Сыноо жана калибрлөө лабораторияларынын компетенциясына жалпы талаптар» эл аралык стандартынын талаптарына ылайык Кыргызстандарттын метрология башкармалыгынын эталондук лабораторияларынын башкаруу системасын, ошондой эле, салмак жана тараза эталондук лабораториясында инспекциялык көзөмөл жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасында салмак жана тараза, температура жана нымдуулук, басым жана суюктук көлөмү боюнча Кыргызстандардын эталондук лабораториялары 2017-жылдан бээри эл аралык таанылган DAkkS аккредитациялоо органы тарабынан аккредитацияланган. Мындай жогорку статусту сактап калуу үчүн бардык инспекциялык көзөмөл жана кайра аккредитациядан үзгүлтүксүз өтүп турат.Инспекциялык көзөмөл учурунда Кыргызстандарт эталондук лабораторияларынын адистери 

Инспекциялык көзөмөл учурунда Кыргызстандарт эталондук лабораторияларынын адистери
техникалык компетенттүүлүгүн тастыкташат. Бул, өз кезегинде, Кыргызстанда жүргүзүлгөн өлчөөлөрдүн
жана калибрлөөлөрдүн натыйжалары биздин өлкөдө гана эмес, башка өлкөлөрдө да туура жана
таанылышына кепилдик берет, бул Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн товарлардын атаандаштыкка
жөндөмдүүлүгүн кыйла жогорулатат жана чет өлкөлөрдүн лабораторияларында продукциянын сапатын
жана коопсуздугун текшерүүгө өндүрүүчүлөрдүн чыгымдарын үнөмдөйт..