Главная / 2025-жылга көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин продукциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жаатындагы жетишкендиктери үчүн сыйлыгына сынак жарыяланды

2025-жылга көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин продукциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жаатындагы жетишкендиктери үчүн сыйлыгына сынак жарыяланды

2025-жылга көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин продукциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жаатындагы жетишкендиктери үчүн сыйлыгына сынак жарыяланды


11 июля, 2024

 

Жогорку сапаттагы продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоого дем берүү, КМШга катышкан мамлекеттердин уюмдарында инновациялык технологияларды жана натыйжалуу менеджмент ыкмаларын киргизүү максатында стандартташтыруу, метрология жана сертификациялоо боюнча мамлекеттер аралык кеңештин 65-отурумунда 2024 – жылдын 21-июнунда болуп өткөн, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин 2025-жылдагы продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жаатындагы жетишкендиктери үчүн сыйлыгын алууга кезектеги сынак  жарыяланды.

КМШнын сыйлыктарын изденип алууга талапкерлер төмөнкүдөй шарттарда продукция чыгарган жана (же) кызмат көрсөткөн уюмдар боло алат:

- Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыгын изденип алуу конкурсунун биринчи (улуттук) этабында финалга чыгуу;

- конкурс өткөрүлгөнгө чейинки эки жылдан кем эмес убакыттын ичинде алар тарабынан продукциянын жана (же) кызмат көрсөтүүнүн тийиштүү сапатын тастыктоо;

-продукцияны жана (же) кызмат көрсөтүүлөрдү бир жана андан ашык КМШга катышкан мамлекетке экспорттоону жүзөгө ашыруу.

Сыйлык иштеген кызматкерлердин кийинки саны бар уюмдарга берилет:

− 250 адамга чейин;

− 250дөн 1500гө чейин адам;

- 1500 адамдан жана андан ашкандарга.

 Төрт  иш чөйрөсүндө:

- өндүрүштүк багыттагы продукцияларды өндүрүү;

- эл керектөөчү товарларды өндүрүү;

- азык-түлүк товарларын жана айыл чарба продукцияларын өндүрүү;

- кызматтар.

Конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктоо эки этапта ишке ашырылат: конкурстун катышуучуларын стандартташтыруу, метрология жана сертификациялоо боюнча улуттук органдар (Кыргызстандарт) тарабынан баалоонун натыйжалары боюнча жана берилген материалдарга экспертиза жүргүзүү жолу менен жана жеринде баллдык баалоону колдонуу менен өтөт.  Конкурстун экинчи этабы боюнча иштерди аткаруу үчүн башка мамлекеттин эки экспертинин курамындагы эксперттик комиссиялардын курамы (кайчылаш) алардын географиялык абалын эске алуу менен бекитилет.

Лауреаттарды, дипломанттарды, ошондой эле атайын сыйлыкка ээ болгон уюмдарды сыйлоо КМШ Аткаруу комитетинин өкүлдөрүнүн катышуусунда салтанаттуу түрдө өтүп жатат. Конкурстун лауреаттарына жана дипломанттарына сыйлыктын дипломдору жана байгелери тапшырылат, ошондой эле продукцияны маркалоодо жана анын таңгагында сыйлыктын эмблемасынын сүрөтүн жарнамалык максаттарда жана документтерде үч жыл бою пайдалануу укугу берилет.

Конкурстун жеңүүчүлөрү жөнүндө маалыматтар кеңири жарнамаланат, стандартташтыруу, метрология жана сертификациялоо боюнча мамлекеттер аралык кеңештин, КР Экономика жана коммерция министрлигинин, Кыргызстандарттын интернет-сайтына жайгаштырылат, жалпыга маалымдоо каражаттарында, маалыматтык-маалымдама материалдарында жарыяланат жана КМШга катышкан мамлекеттердин өкмөттөрүнө жөнөтүлөт.

Сыйлыкты изденип алуу конкурсуна катышуу үчүн арыздар жана материалдар 2024 – жылдын 1-ноябрына чейин -Кыргызстандарт сыйлыгынын конкурстук комиссиясынын катчылыгына берилет.

Керектүү консультацияларды КМШ сыйлыгынын конкурстук комиссиясынын катчылыгынан алууга болот жана  Кыргызстандарттын.

Стандартташтыруу башкармалыгы:

Тел. 66-04-08, e-mail: aytmurzaeva@nism.gov.kg

Каталогдоштуруу, классификациялоо жана башкаруу системалары бөлүмү:

Тел. 66-22-81, e-mail: qms@nism.gov.kg

- МГС чечимине шилтеме

- КМШ сыйлыгын изденип алуу конкурсуна катышууга арызына шилтеме

- КМШ сыйлыгын изденип алууга конкурсанттын анкетасына шилтеме

Көбүрөөк маалыматты веб-сайттардан алсаңыз болот:

- КР МЭК караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун: www.nism.gov.kg

 - Стандартташтыруу, метрология жана сертификациялоо боюнча мамлекеттер аралык кеңештин шилтемеси боюнча өтүп http://www.easc.by/konkurs-na-soiskanie-premii-sng