Главная / 2024-жылдын 9-июлунда Кыргызстандарттын директору Нурматов Болотбек Асанович сапат жаатындагы жетишкендиктери үчүн КМШ сыйлыгына ат салышуу конкурсунун жеңүүчүлөрүн куттуктады.

2024-жылдын 9-июлунда Кыргызстандарттын директору Нурматов Болотбек Асанович сапат жаатындагы жетишкендиктери үчүн КМШ сыйлыгына ат салышуу конкурсунун жеңүүчүлөрүн куттуктады.

2024-жылдын 9-июлунда Кыргызстандарттын директору Нурматов Болотбек Асанович сапат жаатындагы жетишкендиктери үчүн КМШ сыйлыгына ат салышуу конкурсунун жеңүүчүлөрүн куттуктады.


09 июля, 2024

2024-жылдын 9-июлунда Кыргызстандарттын директору Нурматов Болотбек Асанович сапат жаатындагы жетишкендиктери үчүн КМШ сыйлыгына ат салышуу конкурсунун жеңүүчүлөрүн куттуктады.

Кыргыз Республикасынан Дипломант наамын «Сүт Булак» жабык акционердик коому жана «Куликовский» кондитердик үйү» жоопкерчилиги чектелген коому алышкан.

Кыргызстандарттын директору белгилегендей, бул уюмдар сүт жана кондитердик өнөр жай тармагындагы мыкты ишканалардын бири болуп саналат.

Кыргызстандарт өз тарабынан бизнеске сертификациялоо, сыноо, стандарттар жана өндүрүштү метрологиялык камсыздоо, менеджмент системасын киргизүү боюнча иштерде көмөк көрсөтүүгө даяр.

Буга чейин Минскте сапат жаатындагы жетишкендиктери үчүн КМШ сыйлыгына талапкер болуу сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өткөн.

Продукциянын сапаты жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү жетишкендиктери үчүн КМШнын 2023-жылдагы сыйлыгына сынактын жыйынтыгы боюнча 11 мекемеге лауреат наамы, 11 мекемеге дипломант наамы ыйгарылды. Жалпысынан жеңүүчүлөрдүн саны – 22.

Лауреат жана дипломант наамын алгандардын арасында Шериктештиктин алты өлкөсүнүн: Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргыз Республикасы, Россия Федерациясы жана Тажикстандын мыкты уюмдары бар.