Главная / КМШнын сыйлыгы

КМШнын сыйлыгы

КМШнын сыйлыгы


20 июня, 2024

2024-жылдын 20-июнунда Минск шаарында сапат чөйрөсүндөгү жетишкендиктери үчүн КМШнын сыйлыгына сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү.

Кыргыз Республикасынан Дипломант наамын «Сүт Булак» жабык акционердик коому жана «Куликовский» кондитердик үйү» жоопкерчилиги чектелген коому алышкан.

Продукциянын сапаты жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү жетишкендиктери үчүн КМШнын 2023-жылдагы сыйлыгына сынактын жыйынтыгы боюнча 11 мекемеге лауреат наамы, 11 мекемеге дипломант наамы ыйгарылды. Жалпысынан жеңүүчүлөрдүн саны – 22.

Лауреат жана дипломант наамын алгандардын арасында Шериктештиктин алты өлкөсүнүн: Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргыз Республикасы, Россия Федерациясы жана Тажикстандын мыкты уюмдары бар.