Главная / “Мамлекеттик тилди өнүктүрүү” Сертификат тапшыруу аземи

“Мамлекеттик тилди өнүктүрүү” Сертификат тапшыруу аземи

“Мамлекеттик тилди өнүктүрүү” Сертификат тапшыруу аземи


06 июня, 2024

2024-жылдын 6-майында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборунун кызматкерлерине Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Чет тилдери жогорку мектебинин мүдүр жардамчысы Салия Вайсканова жана Тил үйрөтүү бөлүм башчысы Фатих Башкапан мырза тарабынан сертификаттар тапшырылды. Сертификат тапшыруу аземине Кыргызстандарттын директорунун орун басары Мусаев А.Н. жана кызматкерлери катышты.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбору менен Кыргыз-Түрк “Манас” университети тарабынан “министрликте иштеген кызматкерлерге мамлекеттик тилди окутуу боюнча” түзүлгөн келишимдин негизинде 2023-жылдын 11-сентябрынан баштап 2024-жылдын 22-майына чейин эки (А1 жана В1, В2) деңгээлинде сабак өтүлгөн. Курсту Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ага окут., филология илимдеринин кандидаты Бокоева Жамила жана ага окут. Бакытбек Жунусалиев окутту.