Главная / 36-КООМЕТ техникалык комитетинин отуруму

36-КООМЕТ техникалык комитетинин отуруму

36-КООМЕТ техникалык комитетинин отуруму


06 июня, 2024

2024-жылдын 4-5-июнунда Ташкент шаарында (Өзбекстан Республикасы) КООМЕТ улуттук метрологиялык мекемелеринин Евро-Азия кызматташтык Комитетинин 36-отуруму болуп өттү. Бул отурумга Азербайжан Республикасынын, Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын, Тажикстан Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын Улуттук метрология институттарынын өкүлдөрү катышышты.

КООМЕТ комитетинин отурумдарында Комитеттин мүчөлөрү метрологиялык ишмердүүлүктүн абалы жана өлчөө бирдейлигин камсыз кылуу жаатындагы эң маанилүү окуялар жөнүндө маалыматтар менен алмашышты. Кыргызстандарт гибрид форматта катышып жана Кыргызстандарттын эталондук жана экинчи деңгээлиндеги метрологиялык лабораториялардын өлчөөлөрүн эл аралык талаптарга ылайык аккредитация маселеси, ошондой эле 2024-2026 – жылдарга эталондук базаны өнүктүрүү программасын көрсөтүлдү.

Жыйынга ошондой эле эл аралык уюмдардын (BIPM, OIML/BIML) жана аймактык метрология уюмдарынын (APMP, AFRIMETS, SIM жана МГС) өкүлдөрү катышып, 2023-2024-жылдар аралыгындагы иш-чаралары боюнча баяндама жасашты.

КООМЕТ комитетинин мүчөлөрүнүн жана алардын расмий өкүлдөрүнүн ортосунда өткөрүлгөн жашыруун жабык добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча документтин "кызматташтык жөнүндө меморандум" 5 - бөлүмүнүн 2022-бөлүмүнүн талаптарына ылайык, Коометтин жаңы президенти болуп Өзбек улуттук метрология институтунун директору- Лазизбек Саидорипов шайланды. 

Мындан тышкары, 6-июнда Өзбекстан Республикасынын метрологиялык ишмердүүлүгүнүн 100 жылдыгына арналган эл аралык илимий-техникалык конференция өткөрүлүп жатат.