Главная / Аккредитациянын чөйрөсүн кеңейтүү үчүн окутуу
Аккредитациянын чөйрөсүн кеңейтүү үчүн окутуу
Метрология жаатында экономикасы өнүгүп келе жаткан Азия өлкөлөрүнө колдоо көрсөтүүнүн алкагында, Германиянын Физика – техникалык институтунун (РТВ) колдоосу менен, ошондой эле Азия-Тынч океан метрологиялык программасынын (АРМР) алкагында 2024-жылдын 20-24-май айына чейин Бангкок шаарында, Таиланд Королдугунда эл аралык Euramet Cg-3 ("в"ыкмасы) стандартына ылайык жүк жүктөлүүчү поршендик манометрлерди калибровкалоо боюнча окутуучу тренинг өткөрүлдү.
Бул тренингге Азия өлкөлөрүнөн: Кыргыз Республикасынан, Өзбекстан Республикасынан, Казакстан Республикасынан, Бангладештен, Малайзиядан, Вьетнамдан, Непалдан, Шри-Ланка Демократиялык Социалисттик Республикасынан, Монголиядан, Пакистан Ислам Республикасынан, Филиппинден делегаттар катышты.
Тренингди Таиланддын Улуттук метрология институтунун (NIMT) басым лабораториясынын кызматкерлери уюштуруп өткөрүштү жана заманбап өлчөө приборлорунун жардамы менен манометрлерди калибрлөө, лазердин жардамы менен бийиктикти аныктоо, жыйынтыктардын белгисиздигин эсептөө жана калибрлөө даярдоо боюнча практикалык сабакты камтыды.
Бул ыкманы колдонуу жана өздөштүрүү өлкөдөгү метрология тармагындагы кадыр-баркты жогорулатат, бул түздөн-түз кардарларга көрсөтүлүүчү кызматтардын кеңейишине жана көбөйүшүнө алып келет.
Эске сала кетсек, Кыргызстандарддын басым эталондук лабораториясы "А" методу боюнча Euramet Cg-3 боюнча жүк жүктөлүүчү поршендик манометрлерди калибрлөө үчүн аккредитациядан өткөн жана 70 барга чейинки диапазондо аккредиттелген калибрлөө кызматын көрсөтөт.