Главная / Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборунда (Кыргызстандарт) Эл аралык стандартташтыруу боюнча уюмунун (ИСО) өкүлү

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборунда (Кыргызстандарт) Эл аралык стандартташтыруу боюнча уюмунун (ИСО) өкүлү

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборунда (Кыргызстандарт) Эл аралык стандартташтыруу боюнча уюмунун (ИСО) өкүлү, Европа жана Борбордук Азия боюнча аймактык координатору Н.А.Таранко менен жолугушуу болуп өттү


19 мая, 2024

17-Май, 2024 - жылы Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборунда (Кыргызстандарт) Эл аралык стандартташтыруу боюнча уюмунун (ИСО) өкүлү, Европа жана Борбордук Азия боюнча аймактык координатору Н.А.Таранко менен жолугушуу болуп өттү.

Кыргызстандарт 1995-жылдан тартып Стандартташтыруу боюнча эл аралык уюмунун (ИСО) мүчө-корреспонденти болуп саналат. Кыргызстандарт менен ИСОнун ортосундагы кызматташтык Кыргызстандагы стандартташтыруу жана метрология системасын өнүктүрүүдө маанилүү ролду ойнойт. Эл аралык стандарттарды киргизүүгө, продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга, ошондой эле дүйнөлүк рынокто кыргыз товарларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт. Бул кызматташтыктын аркасында Кыргызстандарт алдыңкы стандарттарды кабыл алуу, колдонуу жана жайылтуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандарт менен Эл аралык стандартташтыруу боюнча уюмунун ортосундагы кызматташуу маселелери, анын ичинде “Туруктуу өнүгүүнүн стандарттары: БУУнун Туруктуу өнүктүрүү максаттарын колдоо үчүн бардык кызыкдар тараптардын Эл аралык стандартташтыруу боюнча уюмунун стандарттарын түшүнүүсүн бекемдөө” долбоорун ишке ашырууга катышуу маселелери талкууланды.

Белгилей кетсек, Кыргызстандарт буга чейин “Энергетикалык башкаруу системасы. Талаптар жана колдонуу боюнча нускама", ИСО 50001 стандарты боюнча долбоордун окуусуна катышып келген, азыркы учурда долбоор аяктоо учурунда.

Жолугушунун алкагында Кыргызстандарт, Эл аралык стандартташтыруу боюнча уюму тарабынан пландаштырылып жаткан "Жаңы укук" программасына катышууга кызыкдар экендигин билдирди. Бул программа Эл аралык стандартташтыруу боюнча уюмунун, Кыргызстан сыякту мүчө-корреспондент өлкөлөрүнө, толук укуктуу  мүчө катары катышууга шарт түзүп берет.

Буга байланыштуу, Европа жана Борбордук Азия боюнча аймактык координатору Н.А. Таранко Кыргызстандарт тарабынан берилген сунушту колдоорун билдирди.

Ошондой эле, "Жаңы укук" программасын ишке киргизүү жөнүндө пландарын талкуулап, муну менен катар мындан аркы биргелешкен иш боюнча кадамдык пландардын иштелип чыгуусу боюнча сүйлөшүлөр жүргүзүлдү.

Н. А. Таранко Кыргызстандарттын ишин жогору баалады жана ИСО Кыргызстандарт менен мындан ары дагы кызматташуусун бекемдөөгө даяр экендигин билдирди.