Главная / Бизнес өкүлдөрүнө жана ата мекендик продукцияны Кытай рыногуна экспорттоочулар үчүн Кытай стандарттары боюнча маалымат

Бизнес өкүлдөрүнө жана ата мекендик продукцияны Кытай рыногуна экспорттоочулар үчүн Кытай стандарттары боюнча маалымат

Бизнес өкүлдөрүнө жана ата мекендик продукцияны Кытай рыногуна экспорттоочулар үчүн Кытай стандарттары боюнча маалымат


26 марта, 2024

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбору (Кыргызстандарт) Кыргыз Республикасынын Стандартташтыруу жана метрология боюнча улуттук органы болуп саналат.

Стандартташтыруу жана метрология өлкөнүн экономикасында негизги позициялардын бирин ээлейт жана өндүрүш секторун жандандырууга, ата мекендик товарларды ички жана тышкы рынокторго натыйжалуу жылдырууга, өз ара пайдалуу сооданы өнүктүрүүдөгү техникалык тоскоолдуктарды жоюуга багытталган жана  жалпы кабыл алынган мамлекеттердин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү, Кыргыз Республикасын Туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын жоболорун ишке ашырууга олуттуу салым кошуу болуп саналат.

Стандарттар — материалдарды үнөмдөөчү жана ар кандай продукцияны чыгарууда проблемаларды чечүүгө бирдиктүү мамиле кылууну түзүүчү рычагдардын бири.
           Кыргызстандарттын стандартташтыруу жаатындагы негизги иш-аракеттеринин бири бизнес-коомчулуктардын, мамлекеттик органдардын жана бардык кызыкдар тараптардын өкүлдөрүнө стандартташтыруу боюнча актуалдуу документтерди берүү, анткени бул документтер ата мекендик продукцияны
ички жана тышкы рынокторго жеткирүү механизми катары кызмат кылат, Евразия экономикалык биримдигинин техникалык регламенттеринин талаптарын сактоо, сапаттуу жана коопсуз продукцияны өндүрүү, ошондой эле кызматтарды көрсөтүү.

Учурда Кыргызстандартын Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалымат фондунда (мындан ары - Фонд) 27 миңге жакын эл аралык, мамлекеттер аралык, улуттук жана чет өлкөлүк стандарттар бар. Фонд бардык кызыкдар тараптарды стандартташтыруу боюнча документтердин учурдагы версиялары менен камсыз кылуу үчүн арналган коомдук маалыматтык ресурс болуп саналат.

Соодадагы техникалык тоскоолдуктарды жоюу максатында Кыргызстандарт жаңы дүйнөлүк рынокторду өнүктүрүүгө, бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө, экономикалык өсүштү тездетүүгө мүмкүндүк берүүчү эл аралык, аймактык стандарттарды жана чет мамлекеттердин стандарттарын кабыл алуунун үстүндө иштеп жатат.

Ошондой эле, Кыргызстандарттын негизги функцияларынын бири кызыкдар тараптар үчүн эл аралык стандарттардын жана чет мамлекеттердин стандарттарынын базасын түзүү болуп саналат.

Кытай рынокторуна ата мекендик продукцияны экспорттоону жеңилдетүү максатында Кыргыз Республикасы төмөнкү келишимдерге кол койду:

- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Сапатты көзөмөлдөө, инспекциялоо жана карантин боюнча башкы башкармалыгынын ортосундагы “Стандартташтыруу, метрология жана шайкештикти баалоо чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө” макулдашуу;

-Кыргызстандарт менен Кытайдын Стандартташтыруу башкармалыгынын (SAC) ортосунда стандартташтыруу жаатында кызматташуу боюнча меморандум.

Кыргызстандарт Кытай Эл Республикасынын Стандартташтыруу Башкармалыгы (SAC) менен Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине  караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборунун ортосунда улуттук стандарттарды кабыл алуу, колдонуу, которуу жана жайылтуу боюнча келишимге кол коюуну пландап жатат.

Келишимге кол коюлгандан кийин Кыргызстандарт бизнес өкүлдөрү жана ата мекендик продукцияны Кытай базарларына экспорттоочулар үчүн кытай стандарттарын кабыл алуу жана жайылтуу боюнча кызмат көрсөтөт.

Маалымат үчүн: Фонддун карамагында учурда Кытай Эл Республикасынын кант, кургак сүт, өсүмдүк майы боюнча кытай тилиндеги улуттук стандарттары бар. Учурда келишимге кол коюу маселеси иштелип жаткандыктан, кытай стандарттары жайылтылбайт.

Эгерде сиз Кыргыз Республикасынын аймагында кытай стандарттарын кабыл алууга кызыкдар болсоңуз, анда Кыргызстандартка Бишкек ш., Панфилова көч. 197 төмөнкү телефондор аркылуу 62 58 10, 62 57 71, nism@nism.gov.kg электрондук почтасына кайрылсаңыздар болот.