Главная / Өлчөөлөргө метрологиялык байкоо жүргүзүү

Өлчөөлөргө метрологиялык байкоо жүргүзүү

Өлчөөлөргө метрологиялык байкоо жүргүзүү


23 января, 2024

Кыргыз Республикасында өлчөөлөрдүн бирдейлигин жана метрологиялык байкоону  камсыз кылуу максатында, Германиянын Физика – техникалык институтунун (РТВ) "Кыргызстанда сапат инфраструктурасынын кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланууга көмөктөшүү" долбоорунун алкагында Кыргызстандарттын эталондору РТВге рекалибровкага РТВге жана Германиянын аккредитацияланган калибровкалоо лабораторияларына жиберилди.

Ушуга байланыштуу эл аралык талаптарга ылайык узундукту (узундуктун штрих жана узундуктун уч ченемдери, штангенинструменттери, микрометрлер), басымды (жүк жүктөлүүчү поршендик манометрлер), ошондой эле электрди жана убакытты (секундомерлер, электр каршылыгынын магазиндери, токтун калибраторлору) өлчөө каражаттарын калибровкалоо токтотулду.

Өлчөө каражаттарын калибровкалоо 2024-жылдын  III чейрегинде улантылат.

Кыргызстандарт келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана кошумча суроолор пайда болгон учурда эталондук лабораториялардын адистерине кайрылсаңыз болот.

Ар бир өлчөө каражаттарына метрологиялык байкоону камсыз кылуу-бул аймактагы өлчөөлөрдүн так жана жарактуу болушуна кепилдик берет