Ош сыноо, сертификаттоо жана метрология борбору.

Ош сыноо, сертификациялоо жана метрология борбору - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун аймактык бөлүмү болуп саналган мамлекеттик мекеме.

Ош ССМБ КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы №85 токтому менен бекитилген Бирдиктүү реестрге ылайык төмөнкү мамлекеттик акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтөт:

Аккредитация чөйрөсүнө ылайык өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыздоо жаатында:

- ISO/IEC 17020-2012 талаптарына ылайык өлчөө каражаттарын текшерүү;

- ISO/IEC 17025-2017 талаптарына ылайык өлчөө каражаттарын калибрлөө;

- ГОСТ 8.346-2000 талаптарына ылайык резервуарларды градуирлөө;

- ГОСТ 8.568-2023  талаптарына ылайык сыноо жабдууларын аттестациялоо.

Ош ССМБнын сертификациялоо органы 1996-жылдан бери продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү сертификациялоо боюнча иштерди жүргүзүп келет, 2005-жылдан баштап продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү ыктыярдуу жана милдеттүү сертификациялоо боюнча иштерди жүргүзөт, ал эми 2017-жылдан баштап продукциянын шайкештиги жөнүндө декларацияларды каттоо боюнча иштерди да жүргүзөт (Ош ССМБнын сертификациялоо органы аккредиттелген, аккредитация аттестаты № KG 417/ КАБ.ОСП.009 27.04.2021-ж.).

Ош ССМБнын сыноо лабораториясы аккредитация чөйрөсүнө ылайык Бажы союзунун техникалык регламенттеринин алкагында тамак-аш азыктарына жана эл керектөөчү товарларга сыноолорду жүргүзөт.

Аккредиттөө Аттестаты ISO/IEC 17025-2017 (Метрология башкармалыгы) КАБ

Аккредиттөө Аттестаты ISO/IEC 17020-2013 (Метрология башкармалыгы) КАБ

Аккредиттөө Аттестаты ISO/IEC 17025-2017 (Сыноо лабораториясы) КАБ

Аккредиттөө Аттестаты ISO/IEC 17065-2012 КАБ

Аккредитациялоо тармагы (Метрология башкармалыгы) ISO/IEC 17020

Аккредитациялоо тармагы (Метрология башкармалыгы) ISO/IEC 17025

Аккредитациялоо тармагы ISO/IEC 17065-2012 шайкештикти баалоо органы

Аккредитациялоо тармагы (Сыноо лабораториясы)

Түзүлүш:

Байланыштар:

Ош сыноо, сертификаттоо жана метрология борбору

723506 Ош шаары, Ж.Раимбеков көч. 106

Директор: Нышанбаев Беделбай Анарбаевич тел. (03222)86232; факс: (03222)86207

e-mail: oshcism@mail.ru

Иш-чаралар

Стандартташтыруу

Улуттук стандарттарды иштеп чыгуу программасы жана стандартташтыруу боюнча документтерди кабыл алуу жана бекитүү жол-жоболору

Метрология

Улуттук стандарттарды иштеп чыгуу программасы жана стандартташтыруу боюнча документтерди кабыл алуу жана бекитүү жол-жоболору

Продукцияны сыноо

продукциянын сапат жана коопсуздук талаптарына шайкештигин тастыктоо тартиби

Сертификация жана декларация

Белгиленген сапат жана коопсуздук талаптары менен продукцияны тастыктоо тартиби

Кызмат көрсөтүүлөрдүн прейскуранты ... (бөлүмчөлөр)

Баалар тизмесин жүктөп алыңыз