КӨП БЕРИЛГЕН СУРООЛОР

"Өлчөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө"КР Мыйзамынын жөнгө салуу предмети. " ӨБКК жөнүндө" КР Мыйзамы (1-берене) кандай укуктук негиздерди белгилейт?

"Өлчөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы Кыргыз

Республикасында өлчөө бирдейлигин жана байкоону камсыз кылуунун укуктук негиздерин

белгилейт жана өлчөөлөрдүн объективдүү, анык жана салыштырылуучу натыйжаларына

жетишүүгө, жарандардын, жеке ишкерлердин, юридикалык жактардын жана мамлекеттин

укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын өлчөөлөрдүн анык эмес натыйжаларынын

кесепеттеринен коргоого багытталган

Калибровкалоодөн текшерүү эмнеси менен айырмаланат?

Текшерүү- өлчөө каражаттарын  метрологиялык талаптарга шайкештигин ырастайт,

бул өлчөө бирдейлигин камсыз кылууну мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө өлчөө

каражаттарын колдонуу үчүн зарыл шарт болуп саналат. Калибровкалоо зарыл болгон

учурда колдонулат өлчөө каражаттарынын  метрологиялык мүнөздөмөлөрүнүн чыныгы

маанилерин аныктоо. Метрологиялык жол-жоболорунун  ар биринин өз максаты бар.

Текшерүү шайкештикти тастыктоонун бир түрү болуп саналат, анткени анын жыйынтыгы

боюнча өлчөө каражаттарын  ушул өлчөө каражаттарынын  тибин бекитүүдө белгиленген

метрологиялык талаптарга шайкештиги тастыкталат же тастыкталбайт. Калибровкалоо

болсо метрологиялык мүнөздөмөлөрдүн иш жүзүндөгү маанилерин көрсөтөт.

КРда өлчөө каражаттарын тибин бекитүү жол-жобосу кандай учурда жүргүзүлөт, бул ишти ким жүргүзөт?

"Өлчөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын

9-беренесине ылайык, мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө колдонууга арналган, КРда

чыгарылуучу же КР аймагына алынып келинүүчү өлчөө каражаттарынын тиби жүгүртүүгө

чыгарылганга чейин бекитилүүгө тийиш. Өлчөө каражаттарынын тибин бекитүү өлчөө

каражаттарынын тиби белгиленген талаптарга ылайык келээри жөнүндө метрология

боюнча улуттук орган тарабынан чыгарылган чечим. Типти бекитүү жол-жобосу

метрология боюнча улуттук орган тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

Типти бекитүүдөн баш тартуунун себептери эмнеде?

Өлчөө каражаттарынын тибин бекитүү боюнча кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу төмөнкү учурларда берилиши мүмкүн: - документтер комплектелбеген; - талап кылынган документтер берилбеген; - Өлчөө каражаттарын сыноо үчүн зарыл жабдуулар жок болгон; - чет өлкөдө рекалибровкада кайрылуу учурунда эталондор жок болгон; - Өлчөө каражаттары берилбеген; - Өлчөө каражаттарынын нормаланган метрологиялык мүнөздөмөлөрү даярдоочу заводдун ченемдик-техникалык документтеринин жана (же) техникалык документтеринин талаптарына ылайык келбегенин сынаган учурда.

Мамлекеттик реестрге кайсы СИ киргизилет, аны кайсы уюм жүргүзөт?

Типти бекитүү жол-жобосунан өткөн Өлчөө каражаттары КР СИ мамлекеттик реестринде катталат. КР Синин мамлекеттик реестрин метрология боюнча улуттук орган жүргүзөт.

КР Өлчөө каражаттарынын мамлекеттик реестрине кирбеген Өлчөө каражаттарын колдонууга болобу?

Өлчөө бирдейлигин камсыз кылууну мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүнөн тышкары гана колдонсо болот.

КР Өлчөө каражаттарын мамлекеттик реестрине киргизилген Өлчөө каражаттарынын тибин бекитүү жөнүндө сертификаттын колдонуу мөөнөтү токтогондон кийин колдонууну улантууга болобу?

Типти бекитүү жөнүндө сертификаттын колдонуу мөөнөтүн чектөө алардын тибин бекитүү жөнүндө сертификаттын колдонулуу мезгилинде сатып алынган жана (же) пайдаланууга берилген бекитилген типтеги өлчөө каражаттарына жайылтылбайт

Калибровкалоо бир күндө же шашылыш түрдө жасалышы мүмкүнбү?

Жок. Болбойт. Өлчөө каражаттарын калибровкалоо лабораторияда 24 сааттан 
кем эмес көнүктүрүүнү талап кылат. Калибровкалоо  өлчөө каражаттары  келип
түшкөндө жана электрондук кезек тартибинде жүргүзүлөт.

Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө КР мыйзамын. кандай ченемдик укуктук актылар мыйзамдык базаны түзөт ("ӨБКК жөнүндө"КР Мыйзамынын 3-беренеси)?

"Өлчөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамы Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана мыйзамдык базаны " Өлчөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө " КР Мыйзамы жана анын негизинде кабыл алынуучу башка ченемдик укуктук актылар, Өкмөттүн токтомдору, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер жана макулдашуулар түзөт.