Мамлекеттик классификатор

Техникалык, экономикалык жана социалдык маалыматтын мамлекеттик классификатору.

Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 2019-жылдын 18-июлунда кол коюлган № 90 “Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында маалымат фондун түзүүгө, эл аралык талаптарга жооп берген техникалык, экономикалык жана социалдык маалыматтарды классификациялоонун жана коддоонун бирдиктүү системасын өнүктүрүүгө, ошондой эле ведомстволор аралык жана мамлекеттер аралык маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган мамлекеттик классификация боюнча ишти жеңилдетүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020 жылдын 24-июлунда 395  Кыргыз Республикасынын техникалык, экономикалык жана социалдык маалыматынын бирдиктүү классификация жана коддоо системасы жөнүндө” токтому чыккан.

      Маалыматтык камсыздоонун маанилүү каражаттары, биринчи кезекте экономика, статистика, банк иши, бажы, тышкы экономикалык ишмердүүлүк ж.б. техникалык, экономикалык жана социалдык маалыматтын классификаторлору болуп саналат. Алар автоматташтырылган маалымат системаларында маалыматтарды комплекстүү иштетүүнү камсыз кылат.