2020-2021-жылдарга Кыргыз Республикасынын Сапат сыйлыгы

 

2022-жылдын 7-июлунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде 2020-2021-жылдарга Кыргыз Республикасынын Сапат сыйлыктары үчүн сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү.

           Сыйлык конкурсунун лауреаттары жана дипломанттары белгиленген үлгүдөгү сыйлык стелалары жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамоталары менен сыйланышты.

2020-2021-жылдарга Кыргыз Республикасынын Сапат сыйлыктарына өкмөттүк конкурстун лауреаттары жана дипломанттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 43-р «Кыргыз Республикасынын 2020-2021-жылдарга Кыргыз Республикасынын Сапат боюнча сыйлыктарын белгилөө жөнүндө» буйругу менен аныкталды:

Лауреат болгондор:

а) эт жана эт азыктарынын  өндүрүү  чөйрөсүндө:

 -“Адал Азык” жоопкерчилиги чектелен коому (Чуй облусу);

б) үрөнчүлүк чөйрөсүндө :

-“Элдан Аталык” агроөнор  жай комплекси” жоопкерчилиги чектелен коому  (Чуй облусу);

в)асыл тукум малды өстүрүү чөйрөсүндө:

-“Чабрец” дыйкан чарбасы (Чуй облусу);            

г) жаны инновациялык технологияларды өндүрүшкө киргизүү чөйрөсүндө:

 -“Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз- Өзбек эл аралык университетинин алдындагы “Табигый-Таш” илимий-изилдөө;

 

КРнын Сапат боюнча сыйлыгынын дипломант наамы кийинкилерге ыйгарылды:

Сынакка активдүү катышкандыгы жана сапат тармагында маанилүү жыйынтыктарга жетишкендиктери үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2020-2021-жыл дары үчүн сапат боюнча дипломдору менен сыйланышат:

а) үрөнчүлүк чөйрөсүндө:

 -“Заря”  айыл чарба үрөнчүлүк кооперативи (Ысык-Көл облусу);

 -“Элдияр” үрөнчүлүк дыйкан чарбасы (Ысык-Көл облусу);

 -Ноокат айыл чарба үрөндүк картошка өндүрүүчүлөрдүн кооперативи (Ош облусу);

б)асыл тукум малды өстүрүү чөйрөсүндө:

-“Рейна-Кенч” дыйкан чарбасы (Ысык-Көл облусу);

-“Алтын жүн” фермердик асыл тукум чарбасы (Талас облусу);

-“Бермет дыйкан чарбасы” жоопкерчилиги чектелен коому  (Чуй облусу);

 в) жаны инновациялык технологияларды өндүрүшкө киргизүү чөйрөсүндө:

- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу “Академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борбору, мекемеси (Бишкек облусу);

- Кыргыз Республикасынын  Улуттук илимдер акадмеиясынын “ Э.Гареев атындагы ботоникалык бакча” илимий-изилдөө институту”, мекемеси (Бишкек шаары).

 

КР Экономика жана коммерция министрлиги сынактын жеңүүчүлөрүн аныктоодо алар көрсөткөн кызматтардын сапаты гана бааланбастан, сынакка катышкан уюмдардын ишмердүүлүгүнө ар тараптуу комплекстүү баа берилгенин белгиледи.

 

           Белгилей кетсек, КР Сапат сыйлыктарынын конкурсу катышуучу уюмдарга сапатты башкарууну жакшыртууга жана ушул негизде көрсөтүлгөн продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууда реалдуу натыйжаларга жетишүүгө болгон кызыгуусун арттырууга мүмкүндүк берди.

 

           Сынактын жыйынтыгы боюнча министрлик Кыргыз Республикасынын Сапат сыйлыгынын лауреаттарын жана дипломанттарын татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, мындан аркы чыгармачылык ийгиликтерди жана өлкөбүздүн экономикасын өнүктүрүүнүн жыргалчылыгы үчүн жетишкендиктерди каалады.