Главная / Автоунаа жана оор жүк ташуучу таразаларды тараза текшерүүчү машинада текшерүүдөн өткөрүү жана аккредитациядан өткөндөн кийин оңдоо иш-аракеттерин аткаруу
Автоунаа жана оор жүк ташуучу таразаларды тараза текшерүүчү машинада текшерүүдөн өткөрүү жана аккредитациядан өткөндөн кийин оңдоо иш-аракеттерин аткаруу
Кыргыз Республикасынын "Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамын ишке ашыруу максатында жана Кыргызстандарттын аймактык борборлорунун башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн 2025-жылдын 24-февралынан 28-февралына чейин Ош Сыноо, сертификаттоо жана метрология борборунун базасында Кыргызстандарттын аймактык борборлорунун метролог-адистери үчүн семинар өткөрүлүүдө.
Бул семинардын максаты бир катар актуалдуу маселелерди кароо болуп саналат, анын ичинде:
1. Жүргүзүлгөн баалоолордун жыйынтыгы боюнча түзөтүүчү иш аракеттер менен иштөө;
2. Салмак текшерүүчү унааны колдонуу менен автомобилдик жана оор жүктөгү таразаларды текшерүү.
Иш-чаранын алкагында теориялык жана практикалык бөлүктөрү көрсөтүлдү;
3. Жетекчилик тарабынан талдоо жүргүзүү;
4. Иш-тобокелдиктерди талдоо. Тобокелдиктерди минималдаштыруу. Калыстыкка байланыштуу тобокелдиктер.
Муну менен катар Ош Сыноо, сертификаттоо жана метрология борборунун адистерин "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында колдонулган "САПСАН 3" транспорт каражаттарынын жол кыймылынын параметрлеринин имитаторун колдонуу менен жол кыймылынын эрежелерин бузуулардын фото жана видеофиксациялоо комплекстерин алгачкы текшерүүнү жүргүзүү боюнча окутуу өткөрүлдү.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин базасында Кыргыз аккредитациялоо борборунун өкүлдөрү жана министрликтин өкүлдөрү менен жолугушуулар болуп өттү, ошондой эле текшерүү лабораторияларын аккредитациялоо маселелери боюнча Кыргызстандарттын Аймактык борборлорунун директорлору менен видеоконференция өткөрүлдү.
Семинар Германиянын Физика-техникалык институтунун (ПТБ) "Борбордук Азия өлкөлөрүндө сапат инфраструктурасын чыңдоо"эки тараптуу долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө.