Главная / Биокоопсуздук боюнча Картахен протоколуна ылайык Кыргыз Республикасынын биокоопсуздугунун улуттук механизмин ишке ашыруу боюнча семинары
Биокоопсуздук боюнча Картахен протоколуна ылайык Кыргыз Республикасынын биокоопсуздугунун улуттук механизмин ишке ашыруу боюнча семинары
24-декабрь 2024-жылы Кыргызстандарттын базасында Картахен протоколуна ылайык Кыргыз Республикасынын биокоопсуздугунун улуттук механизмин ишке ашырууга арналган семинар болуп өттү. Бул иш-чарага негизги мамлекеттик жана илимий уюмдардын, анын ичинде Саламаттык сактоо министрлигинин, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинин, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Биотехнология институтунун, ошондой эле Борбордук Азиянын регионалдык экологиялык борборунун өкүлдөрү катышышты.
Семинар ФАОнун "Кыргыз Республикасынын биокоопсуздугунун улуттук механизмин ишке ашыруу" долбоорун ишке ашыруунун алкагында уюштурулган жана өзгөчө генетикалык модификацияланган организмдер (ГМО) жана тирүү өзгөртүлгөн организмдер (ТӨО) менен иштөө контекстинде өлкөнүн биокоопсуздугун күчөтүүгө карай маанилүү кадам болуп калды. Иш-чаранын жүрүшүндө биокоопсуздукка байланыштуу негизги маселелер каралды:
- ФАОнун биокоопсуздуктун улуттук механизмин ишке ашыруу боюнча долбоорунун максаттары жана милдеттери.
- Лабораториялык жоопкерчилик жана компетенттүүлүк үчүн жооптуу расмий структураларды түзүү үчүн регламентти иштеп чыгуу.
- Биокоопсуздуктун, тобокелдиктерди баалоонун жана башкаруунун жана мониторингдин маанилүү аспектилерин камтыган айлана-чөйрөгө чыгаруу үчүн дифференциацияланган ГМО жана ТӨО өтүнмөлөрү боюнча колдонмолор.
- Тамак-аш азыктарын жана тоюттарды импорттоо үчүн дифференциацияланган ГМО/ТӨО табыштамалары боюнча колдонмо.
- Картахен протоколунун жоболоруна ылайык ГМО/ТӨО маркалоого талаптар.
Бул семинар биокоопсуздук боюнча Картахен протоколуна ылайык биотехнологияларды коопсуз пайдаланууга жана экосистемаларды жана калктын ден соолугун ГМО жана ТӨО менен байланышкан мүмкүн болуучу тобокелдиктерден коргоого багытталган Кыргыз Республикасынын биокоопсуздугунун улуттук механизмин иштеп чыгуу процессиндеги маанилүү этап болуп калды. Иш-чаранын алкагында катышуучулар лабораториялык инфраструктураны өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты жана биологиялык тобокелдиктерди баалоо жана мониторинг жүргүзүү жаатында тажрыйба алмашышты.
Эске салсак, 2024-жылдын 22 -августунда Кыргызстандарт ФАО менен техникалык потенциалды өнүктүрүү жана Картахен протоколуна ылайык биокоопсуздук маселелери боюнча техникалык колдонмолорду иштеп чыгуу жөнүндө макулдашууга кол койгон.
Кыргызстан эл аралык стандарттарды киргизүү жана ишмердиктин ар кандай чөйрөлөрүндө, анын ичинде айыл чарбасында, тамак-аш өнөр жайында жана экологияда продуктулардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатынын жана коопсуздугунун жогорку деңгээлин камсыз кылуу менен биокоопсуздук системасын активдүү өнүктүрөт.