Главная / Кыргыз Республикасынын КООМЕТтин эмгек сиңирген метрологу

Кыргыз Республикасынын КООМЕТтин эмгек сиңирген метрологу

Кыргыз Республикасынын КООМЕТтин эмгек сиңирген метрологу


11 июня, 2024

Кыргыз Республикасынын КООМЕТтин эмгек сиңирген метрологу

Улуттук метрологиялык мекемелеринин Евро-Азия кызматташтыгынын КООМЕТ комитетинин 36-жыйынында Кыргызстандарттын метрология башкармалыгынын эталондук температура жана нымдуулук лабораториясынын башкы инженери – Т.В.Савинага Ардак наам ошондой эле «КООМЕТтин эмгек сиңирген метрологу» төш белгиси менен ыйгарылган жана сыйланган.

Савина Т.В. «Кыргызстандарт» системасында, тактап айтканда, метрология тармагында 2007-жылдан азыркы учурга чейин физикалык жана химиялык чоңдуктар лабораториясында инженер-метрологдон баштап, температуранын жана нымдуулук лабораториясынын башкы инженерине чейинки кесиптин бардык баскычтарын басып өткөн.

2009-жылдан азыркы учурга чейин ТК 1.7 «Физикалык химия» жана ТК 1.10 «Термометрия жана термофизика» техникалык комитетинин мүчөсү, ошондой эле «Мамлекеттик метрологиялык мекемелердин Евро-Азия кызматташтыгы» КООМЕТтин ишине активдүү катышып. максаттарын жана милдеттерин Кыргыз Республикасынын аймагында жигердүү ишке ашырат.