Главная / УНАА КАРАЖАТЫНЫН ТИБИН БЕКИТҮҮ ЖӨНҮНДӨ КОРУТУНДУ

УНАА КАРАЖАТЫНЫН ТИБИН БЕКИТҮҮ ЖӨНҮНДӨ КОРУТУНДУ

УНАА КАРАЖАТЫНЫН ТИБИН БЕКИТҮҮ ЖӨНҮНДӨ КОРУТУНДУ


16 мая, 2024

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-февралындагы № 108 «Айрым дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын шайкештигин баалоону жүргүзүүнүн убактылуу талаптары жана тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Токтомунун талаптарын аткарууда жана «Д.Т.Техник» ЖЧКсынын арызы боюнча Кыргызстандарттын базасында 2024-жылдын 15-майында мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен биргеликте транспорт каражатынын тибин баалоо боюнча корутундуну берилди.

Өзбек-кыргыз автоунаа заводу алгачкы унаасын 2024-жылдын май айынын аягына чейин чыгарат. Ишкана андан ары локалдаштыруу менен транспорт каражаттарын чогултат. Бул жерде «Шевроле» жеңил унаалары жана «Исузу» коммерциялык унааларынын өндүрүлүшү пландаштырылууда. 

Эскерте кетсек, 2023-жылдын 19-январында Кыргызстандарт биринчи жолу ата-мекендик автоунаа өндүрүүчүсү «Ками Моторс» ААК унаа каражатынын тибин бекитүү тууралуу сертификатын берген.