Стандарттардын экспертизасын жүргүзүүнүн тартиби

Кыргыз Республикасында стандарттардын экспертизасы мамлекеттик кызмат болуп саналат жана акы төлөнүүчү негизде жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын улуттук стандарттарынын долбоорлорун, стандартташтыруу эрежелерин жана стандартташтыруу жаатындагы сунуштарды экспертизадан өткөрүү Кыргыздарт тарабынан милдеттүү түрдө жүргүзүлөт.

Уюмдук стандарттардын (СТО) жана Техникалык шарттардын (ТУ) долбоорлоруна талапкерлер өз ыктыяры менен экспертизага беришет.
Стандарттардын долбоорлорун экспертизага берүү тартиби.:

Өтүнмө ээси Кыргызстандарттын жетекчисинин атына стандарттын долбооруна экспертиза жүргүзүү жөнүндө өтүнүч менен төмөнкү документтерди тиркөө менен расмий коштомо кат жөнөтөт:
- кагаз жана электрондук форматтагы стандарттын долбоору;

- кагаз жана электрондук форматта стандарттын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө билдирүү;

- стандарттын долбооруна түшүнүк кат.

Стандарттардын экспертизасын жүргүзүүгө өтүнмөнү электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу же электрондук почта аркылуу жөнөтсө болот nism@nism.gov.kg