Главная / Бишкек, 2025-жылдын 1-октябры

Бишкек, 2025-жылдын 1-октябры

Бишкек, 2025-жылдын 1-октябры


02 октября, 2025

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборунун (Кыргызстандарт) базасында Түркия Республикасынын сапат инфратүзүмүнүн өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.

Бул сапардын максаты – Кыргыз Республикасындагы Техникалык жөнгө салуу, стандартташтыруу жана метрология тармагындагы мыйзам базасы, ошондой эле сыноо, калибрлөө жана текшерүү лабораторияларынын ишмердүүлүгү менен таанышуу болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө тараптар улуттук сапат инфратүзүмүн өнүктүрүү маселелерин, шайкештикти баалоо тартибин жана ички рынокто продукциянын коопсуздугун камсыз кылуу механизмдерин талкуулашты.

 

Жолугушуу тажрыйба алмашууга жана Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосунда стандартташтыруу, метрология жана техникалык жөнгө салуу жаатындагы эки тараптуу кызматташууну бекемдөөгө өбөлгө түздү.