Главная / Евразиялык экономикалык биримдиктин 10 жылдыгы
Евразиялык экономикалык биримдиктин 10 жылдыгы
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Евразия экономикалык биримдигинин 10 жылдыгына арналган медалдарды тапшыруу аземине катышты.
Жетекчибиз Нурматов Болотбек Асановичти мамлекеттик жогорку сыйлык менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!
Бул Сиздин көрүнүктүү жетишкендиктериңизди, жогорку кесипкөйлүгүңүздү жана Евразиялык экономикалык биримдикти өнүктүрүүгө кошкон олуттуу жеке салымыңызды татыктуу баалоо болуп саналат.
Сиздин эмгегиңиз экономикалык кызматташтыкты чыңдоого, интеграциялык процесстерди өнүктүрүүгө жана ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн жалпы келечегин калыптандырууга өбөлгө түзөт.
Сиздерге мындан аркы ийгиликтерди, чың ден соолук жана биздин жалпы ишибиздин жыргалчылыгы үчүн жаңы ийгиликтерди каалайбыз!