Главная / Литва-Кыргызстан бизнес форуму
Литва-Кыргызстан бизнес форуму
2023-жылдын 25-майында SHERATON мейманканасында Литва Республикасынын, Казакстан Республикасындагы, Кыргыз Республикасындагы, Өзбекстан Республикасындагы жана Тажикстан Республикасындагы элчиси Гинтаутас Васиулистин,Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиевдин, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрүнүн жана Литванын Соода, өнөр жай жана кол өнөрчүлүк палатасынын президенти Сигитас Гайлиунастын катышуусунда литва-кыргыз бизнес форуму болуп өттү.
Кыргызстандарттан бул иш-чарага дироктордун орун басары Мусаев Айбек Нарынбекович,Бишкек сыноо, сертификаттоо жана метрология борборунун директорунун орун басары Ботоев Нургазы Атамбекович, Каталогдоштуруу, классификация жана башкаруу системалары бөлүмүнүн башчысы Сыргабекова Айсулуу Сыргабековна катышышты.
Форумда Кыргыз Республикасы менен Литва Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланды. Ошондой эле, Соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрүнүн ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Литванын жана Кыргызстандын бирикмелери жана компаниялары тарабынан презентациялар жасалды.
Форумдун жүрүшүндө Кыргызстандарт литвалык ассоциациялардын жана компаниялардын өкүлдөрү менен мүмкүн болгон кызматташуу маселелерин талкуулады.