Главная / Метрология боюнча илимий-техникалык комиссиянын метрология жаатындагы фундаменталдык документтер боюнча жумушчу тобунун отуруму
Метрология боюнча илимий-техникалык комиссиянын метрология жаатындагы фундаменталдык документтер боюнча жумушчу тобунун отуруму
2023-жылдын 15-майынан 16-майына чейин Россия Федерациясынын Москва шаарында Метрология боюнча Илимий-техникалык комиссиясынын, метрология жаатындагы фундаменталдык документтер боюнча жумушчу тобунун отуруму болуп өттү.
Бул жыйынга Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын, Тажикстан Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын стандартташтыруу, метрология жана сертификаттоо боюнча улуттук органдарынын өкүлдөрү жана КМШнын аткаруу комитетинин.өкүлдөрү катышты.
Метрология боюнча Илимий-техникалык комиссиясынын, метрология жаатындагы фундаменталдык документтер боюнча жумушчу тобунун 22-жыйынында негизги маселелери:
-ПМГ 06-20ХХ долбоору жөнүндө «Өлчөө каражаттарын сыноонун натыйжаларын таануу жана тибин бекитүү, алгачкы текшерүү, метрологиялык аттестациялоо тартиби»;
- Өлчөө каражаттарынын мамлекеттер аралык классификаторун иштеп чыгуу жөнүндө;
- «Мезгил-мезгили менен текшерүүнүн натыйжаларын таануу тартибин» иштеп чыгуу жөнүндө;
- мамлекеттик текшерүү схемаларынын мамлекеттер аралык стандарттары жөнүндө ж.б.
Күн тартибиндеги маанилүү маселе, Макулдашууга катышкан мамлекеттерде өлчөө каражаттарынын тибин бекитүү жана сыноолордун жыйынтыктарын таануу боюнча иштерди кароо болду. Катышуучулар типти бекитүүнүн жана баштапкы текшерүүнүн таанылган жыйынтыктарынын саны жөнүндө маалымат менен алмашышты, таануу боюнча иштерди жүргүзүүнүн жүрүшүндө келип чыккан көйгөйлүү маселелерди талкуулашты.
Жыйындын күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулангандан кийин, Метрология боюнча илимий-техникалык комиссиянын метрология жаатындагы фундаменталдык документтер боюнча жумушчу тобунун отурумунун протоколуна кол коюлду.