Главная / Метрология боюнча эл аралык форум

Метрология боюнча эл аралык форум

Метрология боюнча эл аралык форум


19 мая, 2023

МОСКВА, 15-майдан 17-майга чейин Техникалык жөнгө салуу жана метрология боюнча агенттиги (Росстандарт), Россиянын Өнөр жай жана соода министрлиги уюштурган Эл аралык метрология форумунда жана «Чек арасыз метрология» көргөзмөсүңдө Кыргыз Республикасындагы өлчөөлөрдүн бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу тармагындагы максаттары жана жетишкендиктери менен Кыргызстандарттын директору Болот Нурматов тааныштырды. Кыргызстандарттын директору «өлчөөлөр адам жашоосунун бардык тармактарына колдонот жана мамлекетибизди өнүктүрүүнүн маанилүү максаттарын ишке ашырууга катышат» деп белгилеп кетти.

Форумдун алкагында иш программанын 30дан ашык иш-чаралары болуп өттү, ал эми аянтчада Россия Федерациясынын 50дөн ашык ата мекендик өлчөө каражаттарын өндүрүүчүлөрдүн көргөзмө стенддик экспозициялары көрсөтүлдү.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Росстандарттын ортосундагы стандартташтыруу, метрология жана шайкештикти баалоо жаатында кызматташуу боюнча Меморандумдун программасын ишке ашыруу максатында Росстандарттын жана Кыргызстандарттын жетекчилери менен эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлдү. Мындан тышкары: Метрология боюнча илимий-техникалык комиссиянын, метрология тармагындагы фундаменталдуу документтер боюнча жумушчу тобунун 22-отуруму жана илимий-техникалык комиссиянын 57-отурумунуна катышуу пландалынган.

 

Форумдун ачылышында иш-чаранын катышуучуларына куттуктоо сөздөрү менен Россия Федерациясынын Өнөр жай жана соода министринин орун басары, федералдык жол агенттигинин Жетекчисинин орун басары жана Росстандарттын жетекчиси Антон Шалаев чыгып кайрылды.