Главная / Кыргызстандарттын директору жана Росстандарттын жетекчиси менен эки тараптуу жолугушуу.

Кыргызстандарттын директору жана Росстандарттын жетекчиси менен эки тараптуу жолугушуу.

Кыргызстандарттын директору жана Росстандарттын жетекчиси менен эки тараптуу жолугушуу.


19 мая, 2023

МОСКВА, 16 – Май, 2023-жыл - "Чек арасыз Метрология" эл аралык метрологиялык форумунун жана көргөзмөсүнүн алкагында, ошондой эле стандартташтыруу, метрология жана шайкештикти баалоо жаатында кызматташуу максатында Кыргызстандарттын директору менен Росстандарттын жетекчисинин эки тараптуу жолугушуусу өткөрүлдү.

Аталган жолугушууда Кыргызстандарттын директору Болотбек Нурматов жана Росстандарттын директору Антон Шалаев жетектеген, өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу боюнча бир катар маселелер жана Кыргыз Республикасынын аймагында "АРШИН" өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу боюнча федералдык маалыматтык фондун ишке киргизүү маселелери, ошондой эле эталондук базаны, башка метрологиялык жабдууларды өнүктүрүү жана жумушчу абалда кармап туруу боюнча практикалык маселелерди чечүүдө эки мамлекеттин кызматташтыгы жана Кыргызстандарттын метрологиялык лабораторияларын модернизациялоо боюнча маселелери талкууланды.